www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда саясатчы Мавлян Аскарбековдун иши боюнча алгачкы сот отуруму өттү.

Соттук процесс жабык форматта өткөрүлдү.

Мавлян Аскарбековго «расалык, этникалык, улуттук, диний же региондор аралык кастыкты козутуу» беренеси боюнча айып коюлган.

Анын жактоочусу Эрик Ирискулбековдун айтымында, кылмыш иши активисттин Facebook социалдык тармагындагы билдирүүлөрүнө жүргүзүлгөн лингвистикалык экспертизанын жыйынтыгынын негизинде козголгон.

Жактоочу коюлган айыптарды негизсиз деп эсептеп, лингвистикалык экспертизанын корутундусун мыйзамсыз деп атады.

Эске салсак, Мавлян Аскарбеков 12-июнда УКМК тарабынан кармалган. 13-июнда Бишкектин Ленин райондук соту аны камакка алуу чечимин чыгарып, УКМКнын тергөө абагына киргизген.

Последние новости