www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Ысык-Көлдүн жээгинде унаанын килемчелерин жана автоунаасын жууган айдоочу санариптик технологиялардын жардамы менен аныкталды.
Социалдык тармактарда аял кишинин Ысык-Көлдүн жээгинде унаанын килемчелерин жууп жаткандыгы тартылган видео тараган. Маалыматка ылайык, жаран өзүнө таандык Mercedes-Benz Vito үлгүсүндөгү автоунаасын да жууган.
Бул факты боюнча ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын кызматкерлери автоматташтырылган фото-видео фиксациялоо комплексинин жардамы менен автоунааны аныкташкан.
Жүргүзүлгөн иш-чаралардын натыйжасында унаа Жалал-Абад облусунан табылган. Айдоочуга карата тиешелүү укук бузуу жөнүндө протокол түзүлүп, автоунаа атайын айып короого киргизилди.
Мындан тышкары, материалдар тиешелүү чараларды көрүү үчүн ыйгарым укуктуу органдарга жөнөтүлдү.
ИИМ белгиленген талаптарды сактоо ар бир айдоочунун милдети экенин эскертет. Ведомствонун маалыматына ылайык, заманбап фото-видео фиксациялоо каражаттары транспорт каражаттарын укук бузуу жасалган жерине карабастан аныктоого жана мыйзам бузгандарды жоопкерчиликке тартууга мүмкүндүк берет.