www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматынын мурдагы төрагасы Юруслан Тойчубеков MCN Coin иши боюнча кармалды. Бул тууралуу Kaktus.media сайты өздүк булактарына таянып жазды.
Маалыматка ылайык, Тойчубеков кечээ, 10-февралда УКМКнын кызматкерлери тарабынан кармалган.
Тойчубеков менен бирге дагы бир адам кармалганы белгилүү болду. Алар каржы пирамидасын уюштурган деп айыпталууда.
Бул тууралуу азырынча рамий маалымат бериле элек.
Буга чейин MCN coin криптоактивин уюштургандардын бири Исрадин Субанбековдун Улуттук телеканалда анын колдору кишенделген абалдагы видеосу жарыяланган жана атайын кызматтын тергөө абагына киргизилгени, сурак берип жатканы айтылган. Ал “MCN сoin менен иштегенине бир жыл болгонун, өздөрүнүн кызыкчылыгы үчүн иштеп, бир топ пайда көрүшкөнүн, элден чогулган акчаны кайтарып бере алышпасын, жалган убадаларды беришкенин” айткан жана элден кечирим сураган. Анын сөзү боюнча, MCN сoin аркылуу алар 2,5 млн доллар пайда табышкан.