www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

2026-жылдын 24-апрелинде Москва ш. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министринин орун басары Медер Абакиров ШКУнун эл аралык ишмердүүлүгү жана аймактык коопсуздук маселелер боюнча кезектеги консультацияларга катышты.

Иш-чаранын жүрүшүндө эл аралык жана аймактык күн тартибинин актуалдуу маселелери, анын ичинде ШКУ аймагындагы заманбап чакырыктар жана коопсуздукка коркунучтар боюнча пикир алмашуу болду.

Өз сөзүндө Медер Абакиров Кыргыз Республикасы ШКУга төрагалык кылуучу тарап катары аймактык туруктуулук жана коопсуздук Уюмга мүчө бардык мамлекеттердин өнүгүүсүнүн сөзсүз шарты болуп саналарын баса белгиледи.

Консультациялардын жүрүшүндө ШКУнун алкагында кызматташтык механизмдерин өркүндөтүү, Уюмдун ролун жогорулатуу жана эл аралык аренада анын позициясын күчөтүү маселелерине өзгөчө көңүл бурулду.

Ошондой эле катышуучулар Бишкекте юбилейлик жыл алкагында өтө турган ШКУга мүчө мамлекеттердин башчыларынын кеңешинин жыйынына даярдыктын жүрүшүн талкуулашты. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министринин орун басары Уюмга мүчө-мамлекеттердин башчыларынын ШКУнун ишин, анын Универсалдык борборду түзүү боюнча чечимдерин тез арада практикалык ишке ашыруунун маанилүүлүгүн дагы бир жолу билдирди.

Мындан тышкары, консультациялардын жүрүшүндө Медер Абакиров Беларустун, Казакстандын, Россиянын, Тажикстандын жана Өзбекстандын делегацияларынын башчылары менен жолугуп, ШКУнун алкагындагы өз ара аракеттенүүнүн актуалдуу маселелерин талкуулады.

 

Последние новости