www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Депутат Медер Алиев бүгүн, 4-майда Жогорку Кеңештин жыйынында саясатчыларды жана кыргыз элин ынтымакка чакырды.

Ал өз сөзүн улуу реформатор Ли Куан Юнун таамай айткан сөзү менен баштады.

"Кайсы бир өнүккөн мамлекеттин мисалын алып туруп, кайсы бир өлкөгө таңуулап койсо ал сөзсүз түрдө иштеп кетпейт. Себеби ар бир элдин өзүнүн дүйнө таанымы үрп-адаты, каада-салты бар. Биз тилекке каршы ошондой көп туура эмес эксприменттерди кылып жаттык. Кыргыздын өзүнүн көкүрөгүндөгү туюмун, кыргыздын басып өткөн жолун, кыргыздын өзүнүн үрп-адатын, каада-салтын эске албастан, башка өнүккөн мамлекеттерди имплементация жолу менен туура эмес багытка кетип бара жаткан учурубуз жок эмес. 

Мамлекеттик бийликтин, мамлекеттин ээси - эл. Булагы да эл. Эл тарабынан кабыл алынган Конституциябыз, адам укуктарын, эркиндиктерин, ошондой эле эл аралык укуктарынын прициптерин жана негиздерин жалпыга таанылган өзүнүн укуктук тутумунун бөлүгү болуп эсептейт. Бул жааттта бардыгы жакшы. Ошону менен бирге анын аткарылышы башка маселе. 

Аталган Конституцияда кыргызга таандык болгон ата-бала мамилеси, кыргыздын накыл кептери да камтылган. Үй-бүлө - коомдун негизи. Улууну урматтоо, кичүүнү ызаттоо - элдин ыйык салты. Аталган Конституцияда башка эл аралык укуктук ченемдик актылары, адамдын укуктары жана эркиндиктери менен кошо кыргызга таандык болгон маданиятты жана үрп-адатты да камтыды. Ошонун арасында бир нерсе да бар, урматтуу Кыргызстандыктар. Ата-энеге камкордук көрүү - балдардын ыйык милдети. Эч качан кыргыздын ата-энеси карылар үйүндө болбош керек, деген терең философия жатат. 

Анын арасында саясий майданда жүргөн саясатчыларга араңардагы жаш иниңер катары кайрылып кетким келет. Ынтымыкта бололу. Ата-бабаларыбыз айтып кеткен - кандай гана дүркүрөгөн мамлекет болбосун, эгерде анын жетекечилеринин ынтымагы болбосо, бара-бара ал алдан таят жана башкаларга жем болот. Ал мамлекетке эч качан кут, береке келбейт. 

Саясий картада өзүбүздүн эгемен ордубуз, өзүбүздүн гербибиз, туубуз, Конституциябыз бар. Андыктан аны барктап, баалап, амандыкта, тынччылыкта өмүр сүрөлү. Баарыңыздарды эртеңки Конституция күнү менен куттуктайм!", - деди депутат Алиев.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости