www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

 Өз алына чак Каныбек Иманалиев «тойчик» өткөрүп ресторандар бошобой калды деп атышат. Маданият министри Алтынбек Максүтов мурдунан суусу куюлуп жүргөндө Каныбек Иманалиев башынан сылап министрге алып келгенге көмөк көрсөткөн. Бирок ал жегендерим билинип калбасын деп Тарых музейин өрттөп, биринчи жолку министрликтен жыдыган. Өткөрсө өткөрөр курбалдаш теңтушу Кубанычбек Бөкөнтаев Улуттук Банкты тейлеп турат. Каныбек мырза Жантай уруусунан болсо керек,  Тынай уруусунан Канат Исаев  түрмөдөн бошонуп, чоң мансапка секиргени турат. Баса экөө далай ирет тытышып кайра табышкан.  Ал эми Эдил Байсалов түз жетекчиси. Министрдин милдетин аткаруучу Каныбек Иманалиев деген чоң жазмакер элге, жерге кыйла эле белгилүү. Жердиги Кеминден. Аскар Акаевдин өкүл баласы. Ушул күнгө чейин бир топ китептин автору болду. Буга шарт түзө турган акчасы да арбын, кызматы да белен эмеспи. Анысына ичи тарлык жок. Чыгара берсин. Сезимди кытыгылаган жакшы ырларды да жаза калып жүрөт. Бирок кара сөз жанрына келгенде, Кудайды карабай туруп урдуруп коймой адаты бар экен.

 Каныбек мырза учурунда  “Шабдан баатыр” романын жазган. Чынында Шабданга  буга караганда Тынай уруусунан Канат Исаев  жакынырак тууган. Кеп тууганчылыкта деле эмес бирок ушул китепке пикир жазып койолу. Деги эле кандай китеп болбосун, анын маани-маңызына жараша пикир айтылып, сын жазылат эмеспи. Ал эми тарыхый китеп кандай болгон учурда да тарыхтан алыс кетпеши керек. Тарыхый окуяларды, тарыхый инсандардын бейнесин жазууда көркөмдөө маселеси экинчи планда, ал эми негизги тарыхый чындык биринчи орунда болууга тийиш. Кыскасы, тарыхый чындыкты бурмалоого эч бир адамдын, эч бир жазуучунун укугу жок. Ал үчүн керт башы менен жооп берет. Бул илгертен калыптанган дүйнөлүк норма. Тарыхчылардын атасы аталган Геродот: “Тарыхты бурмалаган өлүмгө татыктуу” деп бекеринен айтпаса керек. 
Иманалиевдин “Шабдан баатыры” көлөмү жагынан өтө чоң, жасалгасы жакшы. Формасы Сагынбай, Саякбай аталарыбыздын варианттары боюнча чыккан “Манас” китебине окшош. Жалпысынан 380 бет болгону менен, 600-700 беттен турган китептей сезилет. Бирок ошол 380 беттин жарымы, балким жарымына жакыны жалаң сүрөттөрдөн турат. Майда жана чоң сүрөттөрдүн саны эле 100гө чукулдап барат. Айтор, китептин көп жеринде барактын жарымы сөз болсо, жарымы сүрөт дегендей. Көбү Шабдан баатырдын жана китепте сөз болгон тарыхый инсандардын абстрактуу сүрөттөрү. Бул жагын Каныбек мырза “Манас” китебине окшоштурайын десе керек. Мунусуна деле мейли, “Казанчынын өз эрки кайдан кулак чыгарса” дегендей, китебине канча сүрөт чаптаса өз эрки. Китептин көркөмдүк деңгээли да анчалык көңүлгө толо бербейт. Сүйлөм түзүлүштөрү үзүл-кесил жана супсагыраак. Анан калса, Шабдан баатырга чейинки жана анын тушундагы тарыхый окуялардын көбү ирети менен эмес, чаржайыт берилиптир. Менин коомчулук үчүн, тарых үчүн айтайын дегеним негизинен бул эмес, такыр башка.
Шабдан баатыр 1839-жылдан 1912-жылга чейин Чүй өрөөнүндө жашап өткөн атактуу тарыхый инсан. Өз доорунда кыргыз элинин тагдырын чечкен төбөлдөрдүн бири болгону эч талашсыз. Анын кандай адам болгонун, кулк-мүнөзү, элди кандай башкаргандыгы, кимдер менен мамиле түзүп, кимдер менен касташканы, үй-бүлөсү, аялдары, балдары, айтор ал тууралуу маалыматтарды жалпы кыргыз эли 100 пайыз толук билбесе да, 80-90 пайызга билет. Шабдан атабыздын өмүр жолун бир топ тарыхчыларыбыз эчак эле иликтеп-жиликтеп коюшкан. Мисалы, атактуу инсанды акыркы 100-150 жылдын ичинде бери болгондо 50-60 киши тарыхчы, санжырачы, журналист  кесиптеги адамдар изилдесе, ошолордун соңунда Каныбек Иманалиев иликтеген болуп, архивдик материалдардан колдонуп жана көбүнчө өзүнүн фантазияларын кошуп, тарыхый-көркөм роман жазды. Муну өзү деле моюнга алат болуш керек. “Сөз чынынан бузулбайт” дегендей, бул романда Шабдан атабызды автор ашыкча мактаптыр. Бул тарыхый инсан негизинен мамлекет тарабынан дээрлик өз баасын алган жана алып жатат. Андыктан баатыр атабыз тууралуу тарыхый чындыкты бурмалап, аны адабияттын көркөм чындыгына “бастырып”, ашкере мактоо жакшы иш эмес. Андайга Шабдан атабыз муктаж да эмес.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg    

 

Последние новости