www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
- Медербек мырза, төрага Нурланбек Шакиев мындан ары жумушка келбеген депутаттарга карата чечкиндүү чаралар көрүлөрүн айтты. Бул чара канчалык актуалдуу?
- Өзү бул мыйзамда бар. Жогорку Кеңеш эгемендик алгандан бери канча жашаса, ошондон бери ушундай мыйзам бар. Эгерде депутат жүйөсүз себептер менен жумушка келбесе, анда анын айлыгы кыскартылат. А жаңы Конституция боюнча эгерде депутат бир сессияда 10 жолу жүйөсүз себеп менен жумушка келбесе, аны чакыртып алууга негиз бар. Мен ойлойм, депутат болуп шайланып, элдин жүгүн көтөрөбүз деп келгенден кийин кадимкидей жумушка келип, өз милдетин аткарыш керек.
- Аны ким көзөмөлдөйт?
- Регламент боюнча комитет. Кайсы депутат комитетте жок болсо, ал комитеттердин төрагалары келбегендердин тизмесин регламент боюнча комитетке берет. Жалпы жыйындар учурунда кайсы депутат каттоодон өтпөй калган болсо, анын тизмеси да топтолуп, комитетке жиберилет. Анан комитет аларга “эмне үчүн катышпадыңыз? Тастыктоочу документ бериңиз” деген мааниде кат жиберет. “Ооруп калдым” же “куран окутууга бардым” деп, же башка жүйөлүү себебин айтыш керек. Анан комитет себеп жүйөлүү же жүйөлүү эмес экенин карайт. Эгер жөн эле келбей калган болсо, анда “жүйөсүз” деп таап, анын негизинде мыйзамда каралган чаралар көрүлөт.
- Бирок, кээ бир депутаттар “жөн эле залда отура бергендин ордуна шайлоочуларым менен жолугуп, же алардын тапшырмасына байланыштуу башка жумуштарды аткарганым жакшы эмеспи” деген жүйөнү айтып жатышат. Буга кандай карайсыз?
- Ар кайсы депутат өзүнүн ички туюмуна, акыл-эсине, дараметине ылайык иш алып барат да. Ар бир депутат өзү үчүн жооп берет.
Булак: Азия News гезити