www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

 Медет Садыркулов Акаевдин администрация жетекчиси катары Баткен окуясында бир дипломат акча боюнча Бакиевдин бийлиги учурунда териштирилип жатып, капыстан президенттик аппаратка жетекчинин орун басары, кийин Мыктыбек Абдылдаевдин ордуна президенттик аппарат жетекчиси болгон. Медет Садыркуловду абдан таланттуу уюштургуч катары баалангандыр, Курманбек Бакиевдин жеке бийлигин чыңоого, оппозицияны алсыратууга дал ушул фигуранын салымы чоң болгон дешет. Андыктан аны көптөгөн ошол кездеги оппозиция өкүлдөрү деле жактырбай, “серый кардинал”, ордо оюндарын усталык менен жүргүзгөн адам катары көрчү. 2009-жылдын 8-январында президент Курманбек Бакиевдин жарлыгы менен ошондогу президенттик администрация жетекчиси Медет Садыркулов кызматынан бошотулган. Өз каалоосу менен арыз жазып, “башка кызматка өткөнүнө байланыштуу” деген негизде бошотулуп, ага Тышкы иштер министри кызматы сунушталары айтылган.  “Ак жол” партиясын дал ошол Медет Садыркулов түптөгөнүн, Жогорку Кеңешке “Ак жол” аркылуу өзүнүн кадрларын да алып келгенин, алардын арасында Элмира Ибраимова, Зайнидин Курманов, Эрик Арсалиев, Эрнест Акрамов сыяктуулар болгонун айтып келатышат. Садыркулов  8-январда кызматтан кеткенден кийин “Ак жол”  партиясынын төрага орун басары, андан соң вице-премьер-министр болуп турган Элмира Ибраимова дагы кызматтан кеткен.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ «NazarNews»

Последние новости