www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Учурда "ар бир атуул - бирден бак"-аттуу демилге көтөрүлүп, активдүү жана кайдыгер эмес жарандар мамлекеттин аймагына бак көчөттөрүн отургузуу аракетин көрүп жатышат. Мындай демилге колдоого алынып, салым кошкондордун тизмеси түзүлүп жатат. Демилгени Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы Медеткан Шеримкулов учурдун талабы деп белгиледи.

"Ар бир атуулга бирден бак тигели" - деген демилгени колдошубуз керек. Анткени, өлкөбүздүн экологиялык абалы күн сайын начарлоодо. Булганган абаны тазалоонун бирден бир жолу бак дарак отургузуу! Бул демилге мурда көп жолу көтөрүлсө да, ишке ашпай келген. Эми бул демилге ишке ашат деп ойлойм. Замандын талабына шайкеш келген демилгени өлкөбүздүн мекенчил инсандары колдоп кетишти.
Мен туулуп өскөн айылым Жыламышка буюрса көчөт отургузууну пландап жатам. Мамлекеттик идеология да ушундай болууга тийиш. Мамлекеттик идеология элге багыт бериш керек",-дейт Медеткан Шеримкулов.

Белгилей кетсек, Жогорку Кеңештин депутаты Айнуру Алтыбаева бак тигели деген демилге көтөрүп, аны активдүү жаштар, демилгелүү топтор колдоп, биргеликте аракеттер көрүлүп, бир катар ишкерлер бак көчөттөрүн сатып алышып, жаз айында отургузууга кам көрүп жатышат.

 

Последние новости