www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Press TV телеканалы Ирактын “Айн-аль-Асаддагы” АКШнын аскердик авиабазасына ракеталык чабуул жасаган видеосун жарыялады. Ирандын Сакчылар корпусунун атайын багыттагы "Кудс" аскер бөлүгү Ирактагы АКШнын аскердик авиабазасына урулган сокку боюнча жоопкерчиликти өз мойнуна алган. Муну алар “генерал Касем Сулеймани үчүн өч алуу” деп аташты.
Ирандык Tansim агенттигинин маалыматына караганда, "Айн-аль-Асад" базасына 35тен ашык ракета багытталган.
Ирактын коопсуздук кызматынын маалыматына караганда, базада тогуздан ашуун сокку урулган.
Пентагон Ирандын соккусуна карата жооп берүү үчүн тиешелүү чараларды көрөт. АКШнын Коргоо министринин коомчулук менен байланышуу боюнча жардамчысы Жонатан Хоффман баллистикалык ракеталар менен чабуул коюлганын кабарлады. Окуя Бишкек убактысы боюнча 8-январга караган түнү саат 3.30дар чамасында башталган. Азырынча жабыркаган адамдар жана чыгымдар жөнүндө маалымат бериле элек.
Эске сала кетсек, АКШнын президенти Дональд Трамп Ирандын аскердик стратеги, тышкы саясатынын идеологу болгон Касем Сулейманини “дүйнөдөгү №1 террорист” деп атаган. Касем Сулейманини Трамп Американын дипломаттарына жана аскерлерине кол салууга даярданып жаткандыгын айтып, аны өлтүрткөнүн моюнуна алган.
“АКШ аскерлеринин кынтыксыз соккусунан улам дүйнөдөгү №1 террористти-Касем Сулейманини жок кылды”,-деп ал теледен билдирген.
Трамптын айтымында Сулеймани “Америка аскерлерине жана дипломаттарына кол салууну мерчемдеген”. Пентагон АКШ Иракта Иран генералын жок кылуу үчүн операция өткөргөндүгүн ырастаган. Курман болгондордун арасында Сулейманиден сырткары ондогон аскерлер жана Ирак шииттери, куралдуу күчтөрдүн командиринин орун басары Абу Махди аль-Мухандис да бар болгон. Абу Махди аль-Мухандисти АКШнын мамлекеттик катчысы Майк Пампео 31-декабрда Багдаддагы Американын элчилигине кол салууда айыптаган.
Ирандын жогорку лидери Али Хаменеи Сулейманинин өлүмү үчүн өч алууга убада берген
Иран АКШга сокку уруунун 13 сценарийи бар экенин айткан. Ал эми Трамп америкалыктар чабуулга өтө турган болсо, Ирандын 52 объектисине сокку урарын билдирген.
Булак:NazarNews.kg