www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жаз мезгили аяктап, жай мезгили жакындап калган кез…   Айлана көрккө бөлөнүп, кызыл-тазыл гүлдөр бири-бири менен кыткылыкташып, алыстан соккон шүүдүрүм шамалды тоготпогондой назданышат. Биринин артынан бири кубалашып ойногон көпөлөктөр. Тээ алыстан аларга көз кырын салган, бийик-бийик аска зоолор.

Жайлоо убагы.  Элдин баары мал-жайын жыйнап, жайлоого чыгышты.  Алардын катарында отуз жаштын омурткасына олтуруп алган ай чырайлуу Айжаркын келин да бар. Чындыгында анын сулуулугун сөз менен жеткире албайсың, узун өрүлгөн кундуздай чачтары, жүзүнөн төгүлгөн жылдыздуу нуру бир көргөн адамды мээримге арбап алчудай.

Бул жылы ал жайлоого өзү жалгыз чыкты.  Бирине-бири куюп койгондой окшош күндөр өтүп жатты.  Кээде гана Айжаркын келиндин жалгыздыгын сезген чагылгандар чартылдабаса эле, күндөр зымырык куштай өтүп жатты.

— Ай, Айжаркын , жүрү, музоолор келгиче уйларды саап келели, — Катча апа күнүгө күн баткычакты эскилиги жеткен эки чакасын көтөрүп жетип келчү. Бирок чиркин, ошол эскилиги жеткен эки чака Катча апанын үйүн канча бакты? Шаардан баласы көп эле жолу желим чака көтөрүп келет, бирок капырай, баягы эскилиги жеткен,  маңдайга жазган эки чакасына саалган сүт Катча апа үчүн берекелүү да, даамдуу.

Жашы элүүгө таяп калса да өзүн он сегиз жашар кыздай тетик алып жүрөт, айрыкча музоолор качканда кодоңдоп алып аябай катуу чуркайт. Ал экөө уйларды тээ каптал тараптагы дөбөгө айдап барышчу.  Кайра кайтканда да экөө кобурашып келе берчү.  Көбүнесе Катча апа Айжаркын келинге:

— Эми билесиң да, “алыскы туугандан, жакынкы кошуна артык” дегендей,  бүт сырымды да, ырымды да сага айтайын, — деп тамашалачу.

— Катча эже, бүгүн күн аябай чайыттай ачылыптыр го, уйларды ыраагыракка айдап келсек кандай болот? – деп Айжаркын күбүрөнүп калды.

Бирок эмнегедир анын тунжураган жүрөгү жалгыздыкты самады, капыстан оюна эки үйдүн малын бир кайтарып келүү кылт эте түштү.  Ошентип ал алыстаган сайын алыстап эле бир канча дөбөлөрдү ашып, бир канча чакырымга алыска кетип калыптыр.  Айлана жымжырт. Жымжырттыктан кумар алып, жашыл болуп өскөн шиберге боюн таштап, бир канча мүнөттөргө тээ бийиктеги асман менен көз ымдашып сүйлөшкөндөй, көпкө үн чыкпай ойлонуп жатты.  Асмандагы булуттар да кай жактарга шашкандай, шамалдын ылдамдыгы менен бир кетип жатты.  Күүгүм да болгону калыптыр. Мойнуна жаап алган кызыл гүлдүү жоолугун жерден алып, бир-эки силкти дагы, кайтууга камынды. Эмнегедир анын жүрөгү уйгу-туйгу.  Титиреген буттары менен кадам шилтеп баратып, капыстан каптал маңдайынан шыңга бойлуу, кең далылуу бир жигит чыга келди.  Ал дагы баягы тириликтин артынан жүргөн немеби, айтор, жигиттин көзүндө чарчаңкы маанай турду.  Бирок катүгүнүң-ай, анын чарчаңкы көрүнүшүн анын сулуулугу, же бир көргөн жанды арбап алаар жылмаюусу жаап тургандай.

Экөө бири-бирин бир саамга тиктеп калды. Айжаркын тигил жигит менен саламдашты да, тээ дөбөлөрдүн артында жашынган үйүн көздөй чуркады. Эмнегедир анын жүрөгү бир канча күндөн бери уйгу-туйгу. Жанагы бейтааныш жигит анын жүрөгүнө чок салдыбы, айтор, Айжаркын өзүн бир канча күн сүйүү торуна илингендей сезип жүрдү.

Айжаркын күйөөдөгү келин, тигил жигит да үйлөнгөн неме…

Бир күнү алиги жигит, Айжаркын уйларды кайтарып келатканда алдынан капыл-тапыл чыгып калды.  Биринен-бири уялып, тек гана күн нурунан уялгандай, тике караша албады. Жигиттик кылдыбы, бейтааныш жигит сөз салды.  Айжаркын уялыңкы гана жылмайып койду да, үн катпастан жолун улады.

Бул үчүн ал абдан өкүндү кийин. Жок дегенде аны менен бир мүнөт болсо да ооз ачып сүйлөшүп койсо, балким баары башкача болмоктур? А балким, азыркы тагдыры ойрон болмокпу?..

Ушуну менен анын жашыруун махабаты бейтааныш бойдон калабы, же чындап ашык болгон бейтааныш мырзасына жүрөгүнүн түпкүрүндө бейтааныш бойдон калабы?..

 

Булак: Рухэш

Последние новости