www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Улуу Британияда 159 сексуалдык кылмыш жасаган адамды сот өмүр бою эркинен ажыртты. Бул тууралуу ВВС  жазып чыкты.

​Маалыматка  таянсак, кылмыштардын ичинен 48 эркек кишини 136 жолу зордуктаганы аныкталган. Кылмышкер Лидса университетинде аспирантурада окуган, индонезия тектүү британиялык 36 жаштагы Рейнар Синага аттуу киши болгон.  Анын аты 6-январда Манчестер Королдук сотунун өкүмү чыккандан кийин белгилүү болду.

Полиция ал түнкү клубдарда таанышкан адамдарды сыра ичүү үчүн үйүнө чакырарын, бирок ичимдикке баңгизат кошуп берип койгонун аныктаган. Коногу эсин жоготкондон кийин Синага болгон нерселердин баарын видеого тартып алып турган.

​2017-жылы Синага дагы бир эркекти зордуктап жатканда ал эсине келип полиция чакыргандан кийин кармалган. Тергөөнүн жүрүшүндө укук коргоо органдары анын телефонунан жасаган кылмыштарынын баарынын видеосун көргөн. Тартып алынган видео жазуулардын узактыгы 100 саатка созулганы айтылат.

Полиция кызматкерлери Синаганын бери дегенде  адамдарды 159 жолу зордуктаганын далилдеген. Прокуратура бул тарыхта бир адамдын жасаган эң көп сексуалдык кылмышы болгонун билдирди. Соттук процесс 1,5 жылда аяктаган деп жазылган маалыматта.

Булак:NazarNews.kg

Последние новости