www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

"Эмне дейин жакшы адам экениңизди эл билет. Элибиз эсен, жерибиз бүтүн болсун",- деп Жамалбек Ырысалиев өзүнүн Фейсбуктагы социалдык баракчасына пост жарыялады.

"Жакшы адамдар сериясынан...

Кадимки Алмамбет атабыз Кытайдан саясий куугунтук алып качып чыгып Манас атабыздын бир чоросу болгон казактардын Эр Көкчөсүнө келет. Өзүн казактардын ханы эсептеген Көкчө атабыздын ошол кездеги эли жатактан көчө албаган кедейлери көп болот... Алмамбет атабыз 9 жыл Көкчө менен жүрүп, элин байытып, жатакка калбай баары жайлоого көчүп, күтүрөтүп мал айдап байып калышат. Ошондой күндөрдүн биринде Көкчө атабыздын жанындагы интригандар ушак чыгарып, Алмамбет баарын чечип калды-деп чагымчылдык кылышат. Ушакка ишенип алып,кымыздын гүлүнө мас болгон Көкчө атабыз "Калмак"-деп сөгүп жибергенде Алмамбет атабыз таарынып кетет... Көкчөнүн аялы акылдуу болгон экен. Алмамбет атабызга Таласка бар, ошол жерде Манас деген баатыр бар. Жетсе сенин кадырыңа Манас жетет- деп кеңеш берет.

Алмамбет атабыз,
Кайың көрсөм коноормун...
Кайышпай кайың көтөрсө,
Как ошондо болоормун-деп, Таласка бет алат.

Өзү ыргайдай, аты шыргайдай болуп жолдон чаалыгып-чарчап келип, Манас атабызга жолугат. Анан так ошол Манас атабыздын жанынан Таластагы Манастын ордосунан ордун таап калган эмеспи. "Таарынсаң Таласка кет деген сөз ошондон калган",- дейт. Атына заты жарашкан азыркы замандын Алмамбети менен жолуктум. 2015-жылы ошол кездеги президенттин аппарат жетекчиси Данияр Нарымбаев менен пикири келишпей юстиция министрлигине тойдум  деп, таштап кеткендиги жана Кумтөрдүн жаңы келишимине элдин кызыкчылыгын коргоп, кол койбой койгон жалгыз өкмөт мүчөсү, министр катары элдин эсинде калды. Ал эми азыр да өз чындыгын далилдеп, билсең саякмын, билбесең башыңа тийген таякмын деп мандатына кол шилтеп койгону жана эркекчилик кылып Ата-мекен партиясы же лидери ак же көк дебестен, партия тууралуу жаман сөз айтпастан, басып кеткени менен элдин кызуу талкуусунда жана саясаттын чордонунда...

Тагдырдын тамашасын кара, кудум эле аркы фонго түшүп калган "Восток дело тонкое"-дегендей акырын гана кыргыздын айкөлдүгүн жана кең пейилдигин көрсөтүп баары алдыда, Кудай деген кур калбайт деп гана койду. Ата-мекендин жана өзүнүн керт башына түшкөн кыйынчылыкты кудум эле сүрөттөгү пилдей көтөрдү. Сындырам дегендер сынды,камайбыз дегендер өздөрү камалды... Алмамбет байке досумдун элдин алдында жүзү жарык. "Омар не Хаямда" чай ичип отурат...

Мандат дегенди тапшырып жетинчи кабаттан жерге түшүп, Ата-мекендин лидери фракциясын тапшырганда көңүлү чөксө керек деп чайга чакырсам, чиркей чагып,чымын конгондой көрбөй өзүмө тамак алып берип, анан столдо дүйүм тамак кылып, "Элге мактанбайлы. Элдин арасында унга араң жетип жүргөндөр бар. Дос, жеген тамагыбыз менен эмес жасаган ишибиз менен мактаналы",- деди. Мына Эл деп чындап жүрөгү соккон мырзанын сөзү. Эмне дейин жакшы адам экениңизди эл билет. Элибиз эсен, жерибиз бүтүн болсун. Бүгүнкү биз талкуулап отурган элибиздин ынтымагы, мамлекетибиздин бүтүндүгү, өсүп өнүгүшү үчүн жасай турган иштерибиз менен кыялдарыбыз орундалсын. Сизди терең урматтап ини-досуңуз",- деп Жамалбек Ырсалиев социалдык баракчасына жазып чыкты.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости