www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Балаңызды ойногон оюну аркылуу билиңиз

Оюн – жөн гана баланы убактылуу алаксытуу эмес, ал аркылуу бала өнүгөт, өсөт, мүнөзү калыптанат, атүгүл ал ойногон оюнчуктар же оюн баланын келечегине кандайдыр бир деңгээлде таасирин тийгизет. Муну менен чектелип калбай балаңыздын ойноп жатканына баам салуу менен анын учурдагы психологиялык абалынан кабар алсаңыз болот экен.
Тест
Балаңызга кайсы оюнчугу баарынан жагат?
А. Солдаттар, эмеректери менен куурчактын үйү
Б. Баш катырмалар, китеп, мозаикалар
В. Пульт аркылуу башкарылган машина, сүйлөөчү куурчак
Г. Жумшак оюнчук
Д. Пистолет, футбол тобу, велосипед, ролик
2. Балаңыз майрамдарда же туулган күнүндө кайсы оюнчукту белек кылышыңызды суранат?
А. Жалгыз ойноочу оюнчуктарды
Б. Өзүнөн чоң балдардын жашына туура келген оюнчуктарды
В. Анын каалоосу күн сайын өзгөрүлүп турат
Г. Башка балдарга мактангыдай буюмду
Д. Ошол учурда модада болуп турган оюнчукту
3. Сиздин балаңызга кандай оюндар көбүрөөк жагат?
А. Сүрөт тартуу, кубиктерден үй куруу
Б. Өзү лидер болуп башка балдар ойнолуучу оюндар
В. Бардык оюндар жагат, бирок баарынан бат эле тажап кетет
Г. Футбол, жашынмак, кыймыл-аракетте болгон бардык оюндар
Д. Чоңдор менен ойнолуучу оюндар
4. Жашынмак оюнун ойноодо...
А. Жакын досу жашынган жерге жашынат
Б. Эң алыс жерге барып бекинет
В. Аны көпкө чейин таба албай тургандай жерге жашынат
Г. Эгер аны таап алса таарынып, ыйлаганга чейин барат
Д. Ойлонбой туруп эле биринчи көзүнө көрүнгөн жерине жашынып алат
5. Өзүнөн улуу балдар менен ойноо балаңызга жагабы?
А. Жок, бирок алардын ойногонун кызыгуу менен карап турат
Б. Ооба. Эгер чоңдор аны өз теңтушундай кабыл алышса
В. Аз эле ойнойт, андан кийин зеригип кетет
Г. Ооба. Бирок чоң балдардын аны шылдыңдап, таарынткандары жакпайт
Д. Ооба. Бардыгы анын сүйүктүү оюнун ойношсо
6. Ойногондо балаңыз башка балдар менен урушабы?
А. Жок, ал абдан жоош, а башкалар аны кээде таарынтып коюшат
Б. Ооба. Башка балдар өзүнөн улуу, күчтүү болсо да урушуп кетет
В. Өзүнөн кичүү балдардан күчүн чыгарат
Г. Чыр балдар менен гана урушат
Д. Эч качан балдар менен урушуп, талашып-тартышып көргөн эмес
Жообу
Эгерде “А” деген жооп көп болсо
Сиздин балаңыз жумшак, жоош, тарбиялуу. Ага акыл-эсти жана чыгармачылыкты өнүктүрүүчү оюндардын жакканы жакшы. Бирок балаңыздын ашыкча эле өзү менен өзү боло бербешин көзөмөлдөңүз. Айланасында көптөгөн жаңы жана кызыктуу нерселер бар экенин айтып түшүндүрүңүз. Балаңызда бир аз эле энергия, чечкиндүүлүк анан кайраттуулук болсо – жашоосунда жакшы ийгиликтерге жетишет.
“Б” жообу көп болсо
Ал кандай гана кырдаал болбосун, өзү үчүн жооп бере алат. Мушташканды жакшы көрөт, бирок жан дүйнөсү жакшы бала. Эгерде ашыкча агрессивдүүлүгү болбосо, өзүнүн чөйрөсүнүн лидери болмок. Сиздин милдетиңиз – балаңызга ар бир жасаган кыймыл-аракетинин үстүндө ойлонууга, башкаларга сый мамиле жасоого, балдар менен достошууга үйрөтүү. Негизгиси, баланын энергиясын жакшы жакка буруңуз, мисалы, спорт ийримдерине бериңиз.
“В” жообу көп болсо
Сиздин балаңыз тынч эмес, жеңил. Ага кооптуу оюндар жагат. Балаңызга туруктуулук жетишпейт. Оюн бир жерге топтоого, бир нерсе менен алек болууда көңүлүн бүт ошол нерсеге бөлүүгө үйрөтүңүз. Чыргоолуктарына каршы туруңуз.
“Г” жообу көп болсо
Сиздин балаңыз – чыныгы лидер. Энергия ичинен оргуштап чыгып турат. Ал бир эле маалда бир нече иш менен алектенгенди жактырат. Жеңиш үчүн күрөшүүдөн чарчабайт, ошол эле учурда эгер адилеттүү болсо башкага утулуп берүүгө да даяр. Бала абдан өжөр, эгер өзү каалаган нерсе болбой калса ыйлап, кыйкырып, жер тепкилеши мүмкүн. Мындай учурда аны сооротуудан пайда жок. Бирок кийин өзүн эле эмес, башкаларды да ойлоону үйрөтүңүз.
“Д” жообу кө болсо
Сиздин балаңыз абдан сезимтал, кызганчаак десе да болот. Оюнчуктарына абдан аяр мамиле жасайт, андыктан бринчи оюнчугу өзүнүн тоюна чейин сакталса таң калбай эле коюңуз. Балаңыз баарын жүрөгүнө жакын кабыл алат, андыктан абдан кылдат мамиле кылыңыз. Ошол эле учурда акырындан өз алдынчалуулукка үйрөтө бериңиз.

Балаңыз кандай оюндарды ойнойт?

Булак: "Леди.kg"

Последние новости