www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргызстан кесиптик бирликтер федерациясынын төрагасы Мурадил Джумадилде уулу саламаттык сактоо кызматкерлери үчүн жаңы эс алуу корпусунун курулушуна капсула салуу аземине катышты.
Иш-чарага Саламаттык сактоо министринин орун басары Гулбара Ишенапысова жана Саламаттык сактоо кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин төрагасы Каарманбек Байдавлетов да катышты.
Маалыматка ылайык, бул Кыргызстан эгемендүүлүк алгандан берки саламаттык сактоо кызматкерлеринин кесиптик бирлиги тарабынан мүчөлүк төгүмдөрдүн эсебинен өз күчү менен ишке ашырылып жаткан алгачкы ушундай долбоор.
Жаңы корпус эски имараттын ордуна курулуп, 40–50 койка-орунга ылайыкталат. Анда медицина кызматкерлеринин эс алуусу, ден соолугун чыңдоосу жана күчүн калыбына келтирүүсү үчүн заманбап шарттарды түзүү пландалууда.
Мурадил Джумадилде уулу долбоор профсоюз мүчөлөрүнүн каражатын алардын кызыкчылыгына натыйжалуу пайдалануунун маанилүү мисалы экенин белгиледи.
«Бул — профсоюз мүчөлөрүнүн каражаты өздөрүнүн жыргалчылыгына, ден соолугун чыңдоого жана татыктуу эс алуусуна жумшалып жатканынын айкын мисалы», — деди ал.
Федерациянын төрагасы медицина кызматкерлеринин эмгеги өзгөчө жоопкерчиликти талап кыларын белгилеп, алардын сапаттуу эс алуусу жана ден соолугун калыбына келтирүүсү профсоюздардын маанилүү багыттарынын бири болушу керектигин айтты.
Жаңы корпус профсоюздук инфраструктураны өнүктүрүүгө жана саламаттык сактоо кызматкерлери үчүн узак мөөнөттүү социалдык объект түзүүгө багытталган.