www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Путин Си Цзиньпинге көңүл айтты

Орусиянын президенти Владимир Путин Кытай Эл Республикасынын Төрагасы Си Цзиньпинге Кытайдын Тибет автономдук районунда болгон сел кырсыгынын оор кесепеттерине байланыштуу көңүл айтты. Бул тууралуу 27-августта Кремлдин басма сөз кызматы билдирди.

«Тибет автономдук районундагы сел кырсыгынын кайгылуу кесепеттерине байланыштуу эң терең жана чын жүрөктөн чыккан көңүл айтуумду билдирем», — деп айтылат президенттин расмий сайтында жарыяланган кайрылуусунда.

Путин ошондой эле Си Цзиньпинден жаратылыш кырсыгынын кесепетинен жакындарын жоготкон бардык адамдарга анын көңүл айтуу жана колдоо сөздөрүн жеткирүүнү өтүндү. Кайрылуусунун соңунда Орусиянын лидери кырсыктан жабыркаган бардык жарандардын тезирээк сакайып кетишин каалады.

Непалдын Расува районундагы суу ташкыны 26-августтун таңында болгон. Ал турак үйлөрдү жана инфраструктуралык объектилерди кыйраткан. Бхоте-Коси дарыясында 95 адам каза болгон.

Последние новости