www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Иш сапарынын алкагында Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министринин милдетин аткаруучу Каныбек Досмамбетов Ош мамлекеттик университетине барып, медицина факультетинин профессордук-окутуучулук курамы жана студенттери менен жолугушуу өткөрдү.

Ачык диалогдун жүрүшүндө ведомствонун башчысы бул сапар клиниканын иши менен таанышуу гана эмес, келечектеги дарыгерлер менен түз баарлашуу, алардын күтүүлөрүн, кесиптик пландарын жана саламаттык сактоо системасынын алдында турган негизги чакырыктарды талкуулоо максатын көздөгөнүн белгиледи.
Министрдин милдетин аткаруучу бүгүн Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо системасы терең реформалардын этабында турганын, бул зарылчылык эң жогорку деңгээлде аныкталганын айтты.

Мамлекет башчысы Садыр Жапаров тармакты башкаруудан жана каржылоодон тартып, медициналык кадрларды даярдоого чейин комплекстүү модернизациялоо милдетин койгонун баса белгиледи.

 

Последние новости