www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Мээ чиптери адамдарга сынала баштайт

Мээ импланттары шал жана сокурлук сыяктуу илдеттеди жеңүүгө жардам берет деп болжолдонууда.

Америкалык ишкер Илон Масктын мээ чиптерин жасаган "Neuralink" компаниясы аны адамдарга тагып, клиникалык сыноо жүргүзүүгө уруксат алды. Бул туурасында компаниянын Twitter баракчасында айтылат.

"FDA (Азык-түлүк жана дарылардын сапатын көзөмөлдөөчү санитардык башкармалык) адамдарга клиникалык сыноо жүргүзүүгө уруксат бергенине кубанып жатабыз!", - деп жазлыган билдирүүдө.

 "Neuralink" бул бир кезде алардын технологияга көптөгөн адамдарга жардам берүүгө мүмкүндүк бере турган маанилүү биринчи кадам болгонун белгилейт.

Компания клиникалык сыноолого катыша тургандарды тандап алуу баштала электигин жана бул боюнча кошумча маалымат жакынкы күндөрү чыгарыларын белгиледи.

Эске салсак, 2022-жылдын аягында Маск "Neuralink" мээ имплантын адамдарга сынап көрүү үчүн өкмөттүн уруксатын күтүп жатканын билдирген.

Мээ чиптери эмне үчүн керек?

«Мээнин революциялык имплантын» иштеп чыгуучулар ал шал оорусу же сокурдук сыяктуу ден соолук көйгөйлөрүн чечүүгө жардам берет деп эсептешет.

Жаныбарларга изилдөө жүргүзүү кээ бир натыйжаларды көрсөттү.

Алсак, чиптин жардамы менен макаканы менталдык пинг-понг ойноого үйрөтө алышты. Чипте приматтын кыймылдаткыч кабыгына орнотулган эки миңден ашык электроддор камтылган. Neuralink бул эксперименттин максаты нейрондордун активдүүлүгү аркылуу шал болгондорго компьютер же телефон колдонууга мүмкүнчүлүк берүү экенин түшүндүрдү.

Маск ошондой эле мээсине чип орнотулган чочкону көрсөтүп, жаңы технология неврологиялык илдети бар кишилерге жардам берерин билдирген.

Последние новости