www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Саясатчы Равшан Жээнбековдун жубайы Салкынай Алимбаеванын жактоочусу райондук соттун чечимине каршы Бишкек шаардык сотуна кайрылышарын айтты.

«Кечээ Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетине суракка чакырылып, кармалды. Бүгүн коррупция боюнча айыбын угушту. Иштин маңызы эки жер тилкесинин мыйзамсыз сатылышы боюнча айып тиешеси бар деп жатышат. Биз коюлган айып менен макул эмеспиз», — деди Разак Ашимбаев.

Саясатчынын жубайы Салкынай Алимбаева 25-майда УКМКнын тергөө абагына суракка чакырылып, камалган. УКМК анын ишине байланыштуу азырынча маалымат бере элек.

Кошумчалай кетсек, өткөн жылдын 23-28-октябрда Кыргызстанда оппозициялык маанайдагы бир топ саясатчы, укук коргоочу, активист жана блогер, жалпысынан жыйырмадан ашуун адам жапырт кармалган. Алардын арасында Равшан Жээнбеков дагы бар, ал учурда камакта жатат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости