www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Мамлекеттик мүлк фонду 4-июнда "Мега" ишканасын сатуу боюнча аукцион жарыялаган. Аукционго физикалык, юридикалык тараптар катыша алаары айтылган. Бул ким кааласа сатып алса болот деген эреже.
Анан эле президент Садыр Жапаровдун учурунда "Мегакомду ким сатса эл душманы. Жылына 5 миллиард сом киреше берген, алтын жумуртка тууган ишкананы саттырбай коргоп калалы", - деп айтып жүргөндөрү соцтармактага тарап, сынга кабылган соң, "Меганы" Мамлекеттик өнүктүрүү банкы сатып алат, ишкана мамлекетте калат" деген "обондуу посттор" социалдык тармактарда жаандан кийинки козу карындай жайнады.
Кызыгы, бийлик өздөрү кирешелүү "Мега" ишканасын менчикке чыгара албай, түркүн амал колдонуп, аукционго чыгарып, сата турганын жар салып алып, анан "Мега" сатылат экен деп жазгандарды кайра президенттин иш башкармалыгынын башчысы Каныбек Туманбаев баш болуп, министрликтердин пресс-катчылары төш болуп, "жалганды таратпагыла бузукулар" дешип күнөөлөшүп, коёндой окшош тексттерди таратышып, фейк-троллдордон турган армия актанып-карганып жаналекетке түшүштү.
Сөзүбүз кургак болбош үчүн, Фейсбукка бир убакта, бирдей коёндой окшош "Мегаком сатылбайт. Өнүктүрүү банкынын карамагына өтөт", деген тексттерди таратышып, Маданият министринин пресс-катчысы Айнура Асанбаева, "Кыргыз темир жолу" ишканасынын пресс-катчысы Элмира Шерипова, Саламаттыкты сактоо министрлигинин пресс-катчысы Жылдыз Айгерчинова, Бишкек мэриясынын пресс-катчысы Назгүл Жамгырчиева, Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министринин пресс-катчысы Айсулуу Исабекова, Каржы министрлигинин пресс-катчысы Назик Атамбаева сыяктуу мамлекеттик органдардын кызматкерлери жана фейк-троллдор аябай тер төгүп манипуляция жасоого катуу далалат кылышты. Ушунун өзү эле фейк-троллдор фабрикасынын башчысы делген адамдан буйрук түшкөнүн билдирип турат.
Өзгөчө бул процесске президенттин иш башкармалыгынын башчысы Каныбек Туманбаев өзү аралашып: "Мамлекеттин мүлкү – элдин кызыкчылыгына иштейт. Мегаком сатылбайт, болгону Өнүктүрүү банкынын карамагына өтөт. Муну менен тейлөө сапаты жакшырат. Өнүктүрүү банкы, Мегаком дагы мамлекеттик мекеме.
Бийлик качан жаңылат, качан чалынат деп күткөн тилеги жамандар бар. Ошолор “Мегакомду сатканы калды” деген ушак таратып жатышат. Мегаком сатылбайт. Мамлекеттик мүлк фондунан Мамлекеттик Өнүктүрүү банкынын карамагына өттү болгону", - деп этектей пост жазып эси ооду.
Мындайды элибиз "кыз боозуп энесин коркутат, же ыштанын булгап алган колун аябайт" деп таасын айткан. Деги эле бет тырмагандын дагы чеги болот эмеспи. Фейк-троллдорду башкаргандар, маалыматты аргумент-факты менен жугумдуу, сиңимдүү, ынанымдуу кылып сабаттуу жүргүзгөндү билбесе, канчалык мактанып, актанып, карганышса деле, айла-амалдары босого аттап өтпөйт тура. Деңгээл, акыл-билим болбосо ошол да.
Арийне, мынча болду, эми Мамлекеттик өнүктүрүү банкынын тарыхына бир аз токтоло кетпесек болбойт.
Өткөн жылдын аягында Кабмин төрагасы Акылбек Жапаровдун демилгеси менен Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттиктин карамагында Кыргызстанда ишкерлерге насыя берүү үчүн Мамлекеттик өнүктүрүү банкы түзүлгөн.
Жаңы мамлекеттик каржы мекемесин мурдагы орусиялык аял Евгения Судец жетектеп, бир аз мурда жөнөкөйлөштүрүлгөн тартипте Кыргызстандын жарандыгын алган. Ага чейин Россиянын ВТБ банкында жетекчилик кызматта көп убакыт иштеген. 1 миллион сомдук маяна боюнча жаңжалдан кийин Судец үстүбүздөгү жылдын апрель айында өз арызы менен кызматтан кеткен. Бош орунга Улан Сарбанов дайындалып, бирок бир айдан кийин анын ордуна Талантбек Өмүралиев дайындалган.
Арийне, Мамлекеттик өнүктүрүү банкы 2023-жылдын биринчи кварталынын аягында иштей башташы керек болчу. Бирок бүгүнкү күнгө чейин анын активдүү иши тууралуу эч нерсе угулбайт.
Банк бардык керектүү каттоолордон өткөн, жакында акцияларды чыгарган, бирок банктын веб-сайты жок. Анын ишмердүүлүгү жөнүндө маалымат өтө аз. Жалпысынан уюм ачык эмес жана ачык булактар аркылуу анын ишмердүүлүгүнө көз салуу мүмкүн эмес.
Белгилей кетсек, Мамлекеттик өнүктүрүү банкынын уставдык капиталы 2 миллиард сом болсо, анан кантип баштапкы баасы 14,6 миллиард сом болгон «Мега» ишканасын сатып алган жатат, түшүнүп болбойт.
Белгилей кетсек, Мамлекеттик өнүктүрүү банкы ишке кирише электе эле жаңжалдын чордонунда калган. "ПолитКлиника" сайтынын иликтөөсү боюнча мурда "Мегаком" уюлдук оператордун үлүшүнө ээ болгон жана Максим Бакиев менен байланышы болгон Владимир Андросик Евгения Судецтин жубайы болушу мүмкүн деп ырастоодо. Ал эми Жогорку Кеңештин депутаты Жанар Акаев Мамлекеттик өнүктүрүү банкынын жетекчиси Ширшов менен биргеликте «Меганы» тартып алуу схемасын иштеп чыгып жатканын билдирген болчу.
Мына кайда караба Мамайдын көрү дегендей, шектүү, күмөндүү байланыштар.
Макала NazarNews басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу мүмкүн эмес
Булак: NazarNews.kg