www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Мейизди таза дебей адеп жууп-тазалап алып, анан термостогу сууга чылаш керек. Мейиздеги витамин-минерал комплекси кайнак сууга чыланганда санын жоготпойт.

1. Мейизде калий көп. Ошол учүн жүрөк-кан тамыр системасынын иши үчүн маанилүү азык. Тундурма түрүндө болгондо калий бат сиңет жана энтиккенде, алдан тайганда, жүрөк булчуңдары алсыз болгондо сыйкырчыдай эле таасир этет. 2. Ич катуунун алдын алат. Калий ичеги үчүн да зарыл керек. Ич катуунун алдын алуу жана ичегиде инфекцияны кубалоо үчүн сунушталуучу суусундук боло алат. 3. В тобундагы витамин. Мейиз тундурмасы, мейиздин өзү да нерв чыңалганда, чарчап аң-сезимдүү ой жүгүртө албай калганда, уйкусуздукта жеңилдөө, тынчтануу үчүн сунушталат. 4. Сасык тумоологондо. Микроэлемент жана витаминге каныккан мейиздин тундурмасы балдар сасык тумоологондо, дене табы көтөрүлгөндө суусундукту көп ичүү керек болгондо суу-туз балансты сактоого өбөлгө боло алат. Канча кааласа ошончо ичилет. 5. Аз кандуулукта. Темир же тишпеген аз кандуулукта мейиздин тундурмасы да жардамга келет. Бул дары болбошу мүмкүн, бирок, пайдалуу, суусундук. Алма, кызылча, анардын ширеси менен чогуу мыкты курам боло алат. 6. Сөөккө дары. Курамында бор бар үчүн остеопороз, остеохондроздун алдын алат, жалпы эле сөөктүн саламаттыгына кам көрүү үчүн орто жаштан өткөндө ооруп калганды күтпөй иче берүү талапка ылайык.

Мейизди сууга жууп, кайнатпаш керек, антпесе пайдалуу каражаттар жокко эсе болуп калат. Термостогу кайнак сууга чылап коюлат. Маслене, бир литр сууга 5 аш кашык мейиз салынат. Жатарда 1 салып койсоңуз, эртең менен дары суусундук даяр. Мөмөсүн ыргытпай бал кошуп жесе мыкты десерт жана витамин! 

Булак: "Шамбала"

Последние новости