www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Белгилүү машыктыруучу бир катар балбандарды тарбиялап, алды Олимпиада оюндарынан байгелүү кайткан.
Кыргызстандын Олимпиадалык категориядагы калысы Мейрамбек Ахметов Бириккен күрөш дүйнөсү — UWW тарабынан Венгрияда өтө турган квалификациялык турнирди тескөөгө чакырылды. Бул тууралуу КРдин Күрөш федерациясы кабарлады.
Турнирдин жыйынтыгы менен мыктылар быйыл Токидо өтчү Олимпиада оюндарына жолдомо алышат.

Мелдеш 18-марттан 21-мартка чейин созулары айтылды.

Белгилүү машыктыруучу Мейрамбек Ахметов Кыргызстанда бир топ балбанды тарбиялаган. Шакирттеринин бири Канат Бегалиев 2008-жылы Пекинде өткөн Олимпиада оюндарында күмүш байге алып кайткан.

Булак: NazarNews.kg

 



 

Последние новости