www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Орусия Кыргызстанга мобилдик лаборатория берет

Орусия Кыргызстанга 100 миң даана ПЧР тесттерин жана мобилдик автономдуу лаборатория берет.

Бул тууралуу Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.

Келишим бүгүн, 20-февралда Кыргызстандын саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев менен Орусиянын "Роспотребнадзор" мекемесинин башчысы Анна Попованын жолугушуусунда түзүлдү.

Орусия жугуштуу ооруларды, анын ичинде коронавирустун британ жана башка штаммдарын дарылоо боюнча адистешкен медицина кызматкерлерин даярдоого көмөктөшмөкчү.

Тараптар Кыргызстандагы COVID-19 вирусуна байланыштуу эпидемиологиялык кырдаалды чогуу иликтөөнү талкуулашты.
Алымкадыр Бейшеналиев Орусиядагы кыргызстандыктарды массалык эмдөөгө көмөктөшүүсүн өтүндү.

Министр Алымкадыр Бейшеналиев буга чейин Орусиянын саламаттык сактоо министри Михаил Мурашкого жолуккан. Анда Коронавируска каршы «СпутникV» вакцинасын Кыргызстанга алып келүү тууралуу сүйлөшүү жүргөн.

Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев Москвага иш сапар менен 18-февралда кеткен.

Кыргызстан буга чейин коронавируска каршы «AstraZeneca» вакцинасын тандап алган.

Эмдөө март айында башталып, 504 миң доза алгач медицина кызматкерлерине жана мугалимдерге сайылары кабарланган.

Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги мындан тышкары «СпутникV» вакцинасынын өндүрүүчүлөрү менен да сүйлөшүү жүргүзүп жатканы айтылган.

Коронавируска каршы күрөш боюнча республикалык штабдын 20-февралдагы маалыматына караганда, акыркы бир сутка ичинде COVID-19 жана пневмониядан эки адам каза таап, вирус 59 кишиден табылган. Жүздөн ашуун адамдын абалы оор экени айтылды. Март айынан бери илдеттен 1452 адам көз жумду.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости