www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Сауд Аравиясында биринчи жолу аялдар ажылыкка (Мекке жана Медина зыярат кылуу) үчүн жакын тууганы – эркеги жок эле мусулман аялдын коштоосунда документти тапшырууга мүмкүнчүлүк болот.
Бул тууралуу Сауд Арабиянын Ажылык жана умра (кичи зыярат) министрлигинин расмий сайтында бейшембиде жарыяланган билдирүүдө айтылат.
Сауд Аравиянын министрлиги бул сезондо ажылык зыяратчыларды, анын ичинде Сауд Арабиясынын аялдарын жана падышалыкта жашоого уруксаты бар мусулман аялдарды эрте каттоо мүмкүнчүлүгүн жарыялады.
Каттоо эрежесине ылайык, электрондук анкетага коштоп жүрүүчү адам же махрам (күйөөсү, агасы, атасы же баласы) кошулат. Ошол эле учурда бул адамдарды киргизүү «тандоо» болуп, анкетаны толтурган аялдын эркине калтырылганы белгиленген.
Сауд Аравиянын Ажылык жана умра иштери боюнча министринин орун басары Абдел Фаттах Машат өлкө бийлиги “быйыл ажылыкка бара турган аялдардан махрамды талап кылбоо чечимине келгенин” билдирди. Ошол эле учурда ал белгилегендей, мындай учурда мусулман аял “аялдар тобунда” ажылыкка барышы керек.
Булак: NazarNews.kg