www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Улуттук статистикалык комитеттин маалыматына ылайык 2022-жылдын январь-октябрь айларында пахта жана кийим Кыргызстандын негизги экспорттук товары болуп калды. 

Товарлардын бул эки тобу экспорттун 17,5%дан ашыгын түздү. Акчалай алганда болжол менен 326 млн. долларга барабар. 

Ал эми экспорттун көлөмү боюнча алдыңкы он товарлардын катарына мунай продуктылары, баалуу металлдардын рудалары жана концентраттары, жашылчалар, жез, смартфондор, мөмө-жемиштер жана жаңгактар, айыл чарба жаныбарлары жана пластмассадан жасалган буюмдар кирген. Экспорттун жалпы көлөмүндө бул товардык топтордун үлүшү 80%дан ашты.

Ошондой эле, бул жылы Европага Кыргызстандан жыгач, тактай көп экспорттолгон. Негизи, Кыргызстан бул товарды экспортко чыгармак түгүл, Россиядан ташып келет. 

Демек, Кыргызстандан Европага ташылган жыгач санкциянын айынан Европага киргизилбей жаткан Россия менен Белоруссиянын тактайлары экени айтылууда. 

Мындан улам, бажыдагы коррупция канча миллиарды чапчыды болду экен? Белоруссия өзүнүн тактайын кантип Кыргызстандын тактайы кылып сатып жатат? Кимдин тиешеси бар? Ким документ жасап берип жатат деген суроолор кабыргасынан коюлган менен жооп табыла элек.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости