www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өзбекстандын чыгышындагы Анжиян облусунда зоопарктын кызматкери аюунун кол салуусунан каза болду. Бул тууралуу 6-январда облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Зоопарктын кызматкери аюунун короосуна аны тамактандыруу үчүн кирген. Ошол учурда жаныбар аны көздөй чуркап келип, мойнунан тиштеп алган. Алган оор жаракаттарынан улам адам окуя болгон жерде каза болгон.

Бул окуя боюнча тергөө амалдары жүрүп жатат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости