www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

3-май эртең менен сегиз окуучуну жана кароолчуну атып, алты окуучу менен бир мугалимди оор жарадар кылган Белграддагы мектептин 7-классынын окуучусу, 13 жаштагы Коста Кечманович кылмыш жоопкерчилигине тартылбайт. Бул тууралуу Белграддын Жогорку мамлекеттик прокуратурасы билдирди, деп жазат RTS.

Жашы жете электер менен укук бузуулар жана аларды коргоо мыйзамына ылайык ок атууну уюштурган окуучу 14 жашка чыга элек болгондуктан кылмыш жоопкерчилигине тартылбайт.

Белград прокуратурасынын буйругу менен баланын атасын “Жалпы коопсуздукка каршы оор кылмыштар” беренеси боюнча кылмыш ишин жасаган деген шек менен 48 саатка чейин камакка алуу чечими чыгарылган.

Бийликтердин айтымында, ал өспүрүм кол салууну көптөн бери пландап жүргөн. Алар андан мектептин колго чийилген планын жана ал өлтүргүсү келген балдардын тизмесин табышкан.

Кол салуудан кийин окуучу кармалып, анын жанынан атасына катталган эки тапанча табылган.

«Атасынын 2016 жана 2017-жылдардагы бир нече куралы болгон жана алар сейфте сакталган. Баласы сейфтин кодун билген жана ал жактан эки тапанча алган», - деди прокуратуранын өкүлү.

Ал кошумчалагандай, бейрасмий маалыматтарга караганда, бала атасы менен аңчылыкка чыгып жүрүп, ок атканды үйрөнгөн.

Эскерте кетсек, ок атуу 3-майда жергиликтүү убакыт боюнча саат 8:40та Владислав Рыбникар атындагы мектепте болгон. Мектепке кирген өспүрүм күзөтчүнү атып, андан соң тарых сабагына кирип коридордогу балдарга ок чыгарган.

Полиция белгилегендей, атышуу башталгандан көп өтпөй мектептин директорунун орун басары тез жардам кызматын чакырып, андан кийин Коста Кечманович өзү полицияга телефон чалып, кылган кылыгын мойнуна алган. Кызматкерлер аны мектептин короосунан кармап кетишкен. Blic билдиргендей, өспүрүм театр мектебинин башка окуучуларынан зордук-зомбулукка дуушар болуп, психологго кайрылып жүргөн.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости