www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Матраимов Раим жалпы Кыргызстандын аймактарына бөлүштүрүп, жетимиш миң мешок Казакстандын “Целина” аттуу унун, 21000 тонна суу май жана башка тамак аш тараткан. Мындай пикирин бүгүн, 20-февралда эркин журналист, публицист Мелис Арып-Бек өзүнүн Facebook баракчасына жазып чыкты.

“АКЫРКЫ ЭКИ КҮНДҮН АРАЛЫГЫНДА РАИМДИН

ТЕГЕРЕГИНДЕ ТАЛАШ ТАРТЫШ ТАЛКУУ КҮЧӨДҮ...

Ушунун тегерегинде, мен дагы өз пикиримди эки жолу билдирсем... Айрымдары мени каалагандай каралап-калчап шыбап, өздөрүнүн денгээл акылпарасатын көрсөтүштү. Акылсынып, атырылып асылышты. Орустар “Бог всему судья!” – дегени бар. Азгырылып алданып, адашкандарга теңелсең, анда накта жинди болгудайсың. Ушуга байланыштуу, орустун акылман макалы бар: “Если останавливаться и бросаться на каждую лаящую собаку, то просто не хватит камней...” - деген. Андыктан, улуу учкул убакытты уурдатпай, ушакчы көралбастар өз коңулунда жатып алып үрө беришсин... А бирок...

А бирок, жанагы жансыз дудук лайк баскандарга караганда, кайдыгер болгондорго караганда, бирчети, каарданып каргап-шилегендер биртоп өйдө, чынын айтканда. Андыктан, мени туздаган туугандарга таазим... Ыракмат Силерге. Эмесе ток этээр далилдерге өтөлүк...

Кечээ, Нарындан салабаттуу такжрыйбалуу билим-илимдүү эки аялзат Долон белин атайын ашып келишиптир. Майыптар коомду түзүп, бей-бечараларга ар кандай демөөрчүлөр аркалуу жардам беришет экен! Бирөөсү тайак тайанып, экинчиси ага караан болуп, атайын Бишкеке жетишиптир “унаадан унаа алмаштырып, жашынып”. Эмнеге антип келдиңер? – десем. “Биздин артыбыздан аңдып, бул жакка келүүгө тоскоол болушту”,- дешет.

Максатыңар эмне? “Бизге былтыр Нарынга гумжардам келген. Аларды Раим Матраиммовдордун адамдары бизге жеткизкен. Биз аларды жакырларга, жетим-жесир, кембагал, майыптарга список менен тараттык. Отчетун да бердик. Биз учурунда экономист, бухгалтер болуп иштегенбиз, азыр пенсиядабыз. Матраимов Раим жалпы Кыргызстандын аймактарына бөлүштүрүп, жетимиш миң мешок Казакстандын “Целина” аттуу унун, 21000 тонна суу май жана башка тамак аш тараткан. Андан башка Нарынга абдан кымбат баалуу ИВЛ-ди, Концентратор, Тестерди, Пульсофиксаторлорду, маска, медициналык халаттар жана башка абдан керектүү жардамдарды жеткирген. Ошого карабай, Раим бирдагы жолу алар тууралуу ооз ачпады, мактанбады. А эгерде, Раим мамлекеттин каражаттарын уурдаса, анда ал эбакта эле башка жемкор арамдарга окшоп, чет өлкөгө чыгып кетмек. Ал антпеди, тергөө менен иштешти. Өз ыктыяры менен эки миллиардан ашуун мамлекетке каражат төгүп берди. Аны камаганын угуп алып, биз чындыкты айтып, колдоп койолук деп, келдик” – дешти эки Нарындык айымдар. Ага карабай...

Ага карабай, медалдын, тыйындын дагы экинчи бети бар эмеспи. Андыктан, а эгерде, Раим миллион, Атамбаевтин учурунда, болгону, бажыда Кулматовтун замы болуп туруп, чындап эле мамлекетке эбегейсиз зыян келтиргени ачык-айкын далилденсе, анда ошого жараша, мыйзам чегинде, кошумча айып пул салынып, дагы төлөсүн... Кантип эле...

Кантип эле, таможня бажынын үстүнөн көзөмөл жүргүзгөн УКМК, Внешняя экономическая финансовая разведка – чалгындоо, ИИМ жана башка күч органдары артынан иликтеп изилдеп турганда, жападан жалгыз Раим Матраимов эчкимге баш ийбеген ажыдаарга айланмак эле? Ушул жагынан акыл пештеп, ой калчабайлыкпы? Бир беткей каралабай. Кандай дейсиңер туураланбаган туугандар, калайык калк? Кара кылды как жарган калыстык деле керек го, в конце-то концов... Ал эми, мага атырылып асылып, күмөн санап, мени “саткын, экижүздүү, кошоматчы, алдамчы жана башка” – деп атырылгандарга, силерге эч таарынбаймын. Баардыгына мезгил кана тараза. Кто есть кто? – дегендей убакыт баарын талдап, тактап, тастыктап, таразалап, өз өз ордуна койот... Туурабы? Баса...

Баса, мени Раимден абдан көп акча алды - дешип ичтери өрттөнгөндөргө. Ооба, Раим камакта жатканда, мен жер алды менен барып, эчкимдерге билгизбей бир миллион долларды алдым да, анан аларды, үнсүз тик учакка жүктөп карангы түндү жамынып, УКМК коросунан көтөрүлүп, тоолордун арасына аска зоонун астына жашырдым. Ичтери тар көралбастар, эч уялбастан, мени издеп таап келгиле, силер менен дагы от души бөлүшөмүн. Жарайбы жалгандыктын ушак-айыңдын кулу болгон көр дагы жийиркенип албаган көралбас апиристер. “Апирис” – деген сөз бүгүн абдан моодага айланыптыр. Аферист – дегенге “Ф” тамгага тилдери келбегендер бирин бири “апирис” – деп атагандар арабызда аябагандай көбөйүптүр. Атүгүл...

Атүгүл, КР муфтийи жемкорлукту, сүткорлукту тандап, үстөк пайызга миллиондорду берип, пайда тапкан, митекуртка айланган аалым Максат Токтомушевке да “апирис” деген наамды тага салдык. Шумдуктуу эле элбиз, Кудайа тооба! Ушунтип жатып, жалпыбыз “Апириске” айланып кетебизби? - деген түйшүктүү ойго чөмүлүп келем, кадырлуу калайык, жумурай журт. Ушундай умсунтуп, уу жуткуруп, улуткан маселе мени катуу кейитчи болду...

Ойлонуп, оңолбойлукпу, ушак-айымдын кулу болуп, бөлүнүп-жарылбай замандаштар! Кандай дейсиңер, бир кездеги касиетке ширелген эр жүрөк көчмөн актилек, акниет, адилет, акыйкатты туу туткан, Манастын айкөл улук УРПАКТАРЫ??? Келгиле, ыпыластыктан тазаланып, Намысыбызга келелик. Кандай дейсиңер!”, - деп билдирген ал.

Булак: NazarNews.kg

 

 

Последние новости