www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Райымбек Матраимовго убагында тизе бүгүп, алдына жардам сурап барган чиновниктер, өздөрү билишет ушундай күндө колдоп коюшса болмок. Мындай пикирди журналист Жаңылай Баймуратова Facebook баракчасына жазды. 

--"Мен ушул Раим акам жөнүндө ушул маалга чейин бир да пост жазып көрө элекмин. Болбосо бизге кошуна жашайт. Баары билет. Ошто атамдар мамилеси жакшы. Бир тууган карындашы биздин мектепте мугалим болуп эмгектенет. Эми үлгүлүү эле адамдар. Мен деле мамлекетке чыккынчылык кылгандарды камалсын деп келем. Мыйзам баарына бирдей. Кесибиме байланыштуу, мен деле сындап, иликтөөлөрдү колдоп келем. Ошто баары Райымбек Матраимовдорду сыйлап турушат. Анткени көп жакшы иштерди жасады деп айтышат. Өзүм деле күбө болуп келем, бир да жолу мактап акам жөнүндө ооз ача элекмин. Азыр деле мактап жиберейин деген жокмун. Болгону убагында тизе бүгүп, алдына жардам сурап барган чиновниктер, өздөрү билишет ушундай күндө колдоп коюшса болмок.

Райымбек Матраимовдун камакка алынышы менен, базардагы соодагерлердин арыз муңу күчөдү. Чек аралар жабылып, товарлар кымбаттап кетти деп. Азыр Казакстан утуп жатат, Кытайдан келчү товарларды эки эсе кымбат сатып. Эми бул карапайым элдердин арызы.

Мен эмнени айткым келди. Матраимовду кече мактагандар бүгүн жок. Адамбыз да, ооп кетип турабыз. Анча-мынча эми калыс постторду жазып турам. Казанынан тамагын жегендер, бир учурда "Ата" деп жибергендер азыр жок. Акамды колдоп, жазам дегенден алысмын бирок кошуначылык кылып көргөнүмдү билгенимди жаза берем",- дейт Баймуратова. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости