www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Мелис агай, Президент Садыр Жапаров электр тармагындагы көбөйүп кеткен көйгөйдү ачык-айкын айтып, элге кайрылды. Сиз кандай кабыл алдыңыз?

Президент Садыр Жапаров электр тармагындагы көбөйүп кеткен көйгөйдү ачык-айкын айтып, элге кайрылды. Окуп чыктым. Анын светке болгон ой-пикирин колдоого муктажбыз. Электр тармак, кайсыл мамлекет болбосун, стратегиялык мааниге ээ. Свет жалпы өчүп калса, накта апаатуу алааматка айланат. Банктар иштебейт, ооруканаларда операциялар жасалбайт, азыркы адамдын мээси, көзү, кулагы, атүгүл оргуштап соккон жүрөгү, жалпы аң-сезими болуп калган интернет булактары жалп өчүп, адамзат шок болуп, колу буту жоктой майыпка айланат. Азыркыдай кышта, шаарлыктар бетон үйлөрүндө тоңуп калышат. Бул дагы болсо чети эле.

Биз, жалпы коомчулук СССР учурундагы баардык социалдык тармак бекер болгондуктан, ошого жараша психологиябыз да, бекерчиликке, арзан символикалык бааларга аң-сезимибиз калыптанып калган.

Акыркы жылдары өндүрүштүк тармактагы курал-жарактардын баалары он эселеп көтөрүлгөнү анык. Ошол эле курулуштагы мыктардан баштап - арматура, труба, швелер, угольниктердин баалары асмандап кеткен. Анысына карабай курулуштар күн сайын күргүштөп күчөп, салынып жатат.

Тамак-аш тармактарын алсак, эттин баасы 200 сомдон 600 жүз сомго чыкканына карабай, кыргыздар жарышып той-топурда күн алыста жүрөбүз. Туурабы, туураланбаган туугандар?

Андыктан, электр энергия тармагы биз үчүн, күндүр-түндүр пайдаланчуу товар. Өзгөчө, кыш мезгилинде.

Андыктан, бийликти коколоп, дооматыбызды артып, светке баасын көтөрүү, бул чыккынчылык - дегенибиз, натуура иш.

Урматтуу калайык калк, Садыр Нургожоевичтин элге түшүндүрүп берген кайрылуусун, туура түшүнүп кабыл алалык, - деди Мелис АРЫПБЕК.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости