www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Президенттик администрация жетекчиси Башмыйзамда баса көрсөтүлбөсө да биздин мамлекеттеги эң чечүүчү кызмат болуп келген. Эң алгач аппарат жетекчиси болуп келген Эднан Карабаев ал мезгилдеги тамыр кенен жайылган партия менен кармашып отуруп, ГКЧП кулагандан соң партияны таратып, алардын үстүнөн үстөмдүк кыла баштаган. Эднан мырза анчалык чоң бийликке ээ болбосо да Акаевдин кулагына шыбырап коё турган укукка ээ болчу. Бир айта кетчү нерсе Акаевдин маанилүүлүгүн жогорулатуу үчүн 1991-жылы СССРдин президенти Михаил Горбачев Акаевди вице –президенттикке чакырып жатат деген жалган ушакты маалымат беттерине таратышкан. «Өлөөрүнө» саналуу күндөр калса да Горбачев Акаевди вице –президенттикке чакырмак эмес.
Андан соң Медет Садыркулов, Мисир Ашыркулов, Аманбек Карыпкулов сыяктуу «опальный» президенттик аппарат жетекчилери бул кызматты өтө бийиктикке чыгарып салышкан. Айрыкча бул кызматты «Шералы хандын» аталыгы Аманбек Карыпкулов аркалап, анын сөзү сөз болуп, мансаптарды өзү каалагандай калчаган. Эми бул кызматтагы адамдар менен депутат, министрлер жайбаракат да сүйлөшө албай калышкан. «Манас» аэропортунда президент Акаевдин келишин күтүп жаткан бир эпизодду айта кетейин. «Доссекретарь» атка конгон президенттик администрация жетекчиси Мисир Ашыркулов президентти күтүп жатат, анын жанына бир да министр, бир да депутат жолой алган эмес. Колун аркасына алып күтүү залынын бир бөлмөсүндө өзү гана басып жүргөн. Президенттик администрация жетекчилери депутат, министрлер эмес жакпай калса премьер-министр, спикерлерди байпактай алмаштыра турган кудуретке жетишкен.
Ошту сапырып турган Үсөн аке да бул кызматты минген. 2005 жылы мартта президенттик администрацияга келген Үсөн Сыдыков бир жылдай бул жерде иштеп туруп, көп эмгектерди кылган. Ал кезде УКМКны Таштемир Айтбаев жетектей турган. Айтбаев ал кездеги «мыкчыгерлердин» бири Акматбаев Рысбекке «жең учунан» колдоо көрсөтүп турган. 2006-жылы 11 майда Таштемир Айтбаев кызматынан бошоду ошол эле күнү мечитте Рысбекти атышып, ал курман болду. Андан соң кыска убакыт Мыктыбек Абдылдаев Администрацияны жетектеп турган.
Мыктыбек Абдылдаевден соң бүгүнкү күнү эмне болуп ажалга кеткендиги айкындыкка чыккан Медет Садыркулов кайрадан экинчи ирет аппараты жетектеп калат. Ал дипломат толтура акчанын жоготкону тууралуу соттолуп жүргөн, заматта бул чоң орунга келет. Медет мырза бийликти чыңдоо үчүн чоң эмгек сиңирген. Ошону менен катар ал өз бийлигин да чыңдап, мамлекеттеги эң күчтүү фигурага айланган. Ал «Ак Жол» партиясын түптөп, партиялык шайлоого жол ачып берген, өтө күчтүү фигурага айлангандыктан үй-бүлөнүн жакын адамдары менен эсептешпей калган. Ошонун айынан биринчи кызматынан, экинчи өмүрүнөн ажырады. Медет Садыркуловдон соң «көлөкө жерде жан баккан» Данияр Үсөнов келип көлөкө бойдон жүрүп кетти. Кийин бийлик «сен билесиңби, же сельсоветтин секретары билеби?» дегендей секретариаттын колуна топтолуп. Аппарат жетекчиси кийинки орунга сүрүлүп бараткан.
Апрель революциясынан соң бул кызматка «жалынсыз» революционер, акча дегенде ичкен ашын таштаган Эмил Каптагаев келген. Эмил мырза деле бул бийликти пайдаланып, Кыргызстандагы эң мартабалуу кызматка айлантса да болмок, партиясы менен парламенттик шайлоого аттанып, парламентке деле барса болмок. Арийне, ал келечектеги президент Атамбаевдин амбициясынан чоочулады. Атамбаев жыга чабарын түшүндү. Ал эми эң негизгиси Башмыйзамды сактап, мамлекетке үстөмдүктү орноткусу келген жок. Ошондуктан мурунку президенттик аппарат жетекчилериндей бийлиги жок болсо да, туш-тараптан ага сын айткандар көбөйүп кеткен. Бөтөнчө, Атамбаевдин алдында бөтөгөсү эзилгенче кошомат кылгандар Эмил мырзадан ‘gntg rsxsr таба албай турушчу. Кычык болсо эле кынаны уруп жибергиси келип турчу. Эмил Каптагаев да өзүнүн колдогон электораты бар, эл деп күйгөн улутчул инсан. Аны электораты колдобосо, Атамбаевчилер эбакта эле жутуп коймок. Атамбаевчилер жута албаган Каптагаевди Жапаров жута алмак беле?
Кошомат жагынан «кой союп жүрүп көнүп калган» Фарид Ниязов. Аркалык ким президент болбосун кош-колдоп оокат кылган Фарид мырза Арка жактан ким президент болсо да, таманын жалап жетип барчу, президенттик аппаратты авторитардык режимге салуу жагынан алдына киши салчу эмес. «Жамандын сөз ээрчийт»-дейт, Фарид Ниязовдун артынан түрдүү сөздөр ээрчип жүрөт. Ал эмес андан сөз таба албай, анын күйөө баласына асылгандар да канча? Мунун себеби көп. Сооронбай Жээнбеков президент болгону ушул Фарид Ниязов кайрадан президенттик аппаратты жетектеген бирок көпкө узай алган жок. Азыр Конституция боюнча бул кызмат жоюлуп милдетин өкмөт башчы алып барат. Акыркы президенттик аппаратты жетектеген Сүйүнбек Касмамбетов болгон.