www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

 Мелис Аспеков кайра камалат

“Мелис Аспеков кайра камагыла” деген маалыматты, 48-колониянын башчысына УКМК кызматкерлери келип буйрук берген. Негизинен УКМКнын кызматкерлери атайын колонияга келип “камагыла” деп буйрук бергенге акысы жок. Анкени ал жакты түздөн-түз атайын прокуратуралар карайт. Бул мыйзам бузууга жатат”, - деп билдирди бүгүн, 13-мартта NazarNews.kg  маалымат агенттигине Мелис Аспеков.

“Негизинен мен эч кандай мыйзам бузууларга барган жокмун. Ал тургай жол эрежесин бузбаганга аракет кылып, жолчырактардан өткөнгө абайлап турган кезим. Менимче УКМК Садыр Жапаровдун 25-мартка келүүсүнө атайын бир нерселерди таап мени камоого аркет кылып жаткандыр. Бирок мен мыйзам боюнча шарттуу түрдө камактан чыккандыгыма байланыштуу митингдерге жана коомдук жыйындарга катышканга акым жок болгондуктан 25-март күнү Садыр Жапаровду аэропортко тоскону барбаймын, - деген пикирин билдирди Мелис Аспеков.

Эске сала кетсек, Мелис Аспеков өткөн жылы камакка алынган. Ал, “Мекенчил” партиясынын теңтөрагалык кызматын аркалаган. Өзүнүн камалышын саясый буйрук дейт. Камалганга чейин учурдагы ЖК спикери Чыныбай Турсунбековго ачуу сындарын айтып келген.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости