www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Абды Суталинов –Мурат Суталиновдун атасы катары тарыхта калды.
Темирбек Акматалиев - Акаевдин кеминдик иниси экономист «бухарик» тоюз «Бухарин» Темикең «ИИМди экономисттин көз карашы менен кароо үчүн» баргандай.

Бакирдин Субанбеков ( 2002-2005) – Кара-Балта шаарынын пивзаводун министрлигине таянып «приватташтырып» Кытайдын «Джунда» мунайзат кайра иштеттүү заводуна 3 миллион долларга сатып алууну сунуш кылган. Кытайлыктар муну угуп шок болушканы менен Субанбеков өз сөзүнө бекем турган.

Мурат Суталинов (2005 -2006); Акаевдин бир күндүк Башкы прокурору, Бакиевдин ИИМ министри 2006-жылы ноябрда билегинин «уятсыздыгын» салмактап КГБга кеткен.

Болотбек Ногойбаев (2007 -2008); 2007-жылы апрелде элдин демин басып, той берген өкмөт башчысынын министри. Оппозициянын ойронун чыгарып, өзү да жок болгон.

Молдомуса Конгантиев (2008-январь -2010-апрель); Таласка оппозициянын митингин басуу үчүн барып, талас элинин «кол эмгекчилигин» ааламга тааныткан.

Болот Шерниязов (2010-жылы); Таласта элдик көтөрүлүштүн башында турган. Бийлик анын башына кап кийгизип келип, УКМК СИЗОсуна камаган. Учурунда генералдык чоң наамдан баш тарткан биринчи кыргыз!!

Кубат Байболов (2010-жылы) Эң оор кырдаалдарда ИИМди жетектеген. Ал Ош коогалаңы башталып калган 12-июнь күнү УКМКга «зам» болуп, Жалал-Абадга комендант катары жөнөтүлгөн. Андан соң ИИМ толугу менен ага жүктөлгөн.

Зарылбек Рысалиев (2010 -2012) Атамбаевдин «любимчик» министри, ал оңду сүйлөсө, оңду карап сүйлөп, солду караса, солду карап сүйлөп жүрүп  «борттон» ары ыргытылган.

Шамиль Атаханов (2012- жылы) Аны мазактап ары-бери калчап жүрүп, көрүнгөн кызматты берип жүрүп, Азиз Батукаев менен кошо жоготкон.

Абдылда Суранчиев (2012 – 2014) Бул министрди «дудукка» айлантып, үстүнөн «тон бычып» калган.

Мелис Турганбаев (2014-2016) Акмат Бакиевди колго түшүрүп, бошотуу үчүн миллиондогон доллардан баш тартканы үчүн, андан өч алгысы келгендер «каралап» жүрдү. Бирок оңой менен моюн бербейт. Анткени, бышкан.

Кашкар Жунушалиев -2016-жылы бир аз турду.

Улан Исраилов – 2016-2018.Атамбаевдин жан сакчысы эле, Азамат жансакчылыктан талталаңдап секирип отуруп министрге жетти. 

Кашкар Жунушалиев -2018-жылдан баштап кайрадан министр жакында өз кара башын коргоп «Азияньюсту» сотко берди.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, «NazarNews.kg»

Последние новости