www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Айыл чарба продукциясынын продукциясынын соода-логистикалык борборлорун түзүү жана өнүктүрүү программасы кабыл алынды

Кыргыз Республикасынын Айыл - чарба , тамак - аш өнөр - жайы жана мелиорация министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Айыл чарба продукциясынын рыногун өнүктүрүү жана экспорттук потенциалды жогорулатуу, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2019-жылдын 11-январындагы № 1 “2019-жылды Региондорду өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылы деп жарыялоо жөнүндө” Жарлыгын ишке ашыруу максатында, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 27-июнунда №321 токтому менен Кыргыз Республикасында 2019-2023-жылдарга айыл чарба продукциясынын соода - логистикалык борборлорун түзүү жана өнүктүрүү программасы кабыл алынган.

Ушул Программанын максаты атаандашуу жөндөмүн жогорулатуу жана Кыргыз Республикасынын экспорттук потенциалын көбөйтүү жолу менен айыл - чарба продукцияларын өндүрүүчүлөрү үчүн жагымдуу шарттарды камсыздоо саналат.

Ушул Программаны ишке ашыруу төмөнкүлөрдү камсыздайт:

- ата мекендик товарлардын атаандашуу жөндөмүн жогорулатуу;

- дыйканчылык айыл чарба продукцияларын жыл бою өндүрүүнү өнүктүрүү жана өстүрүү (күнөсканалар жана оранжереялар);

- айыл чарба продукциясын жана аны кайра иштетүү продуктуларын ички жана тышкы рынокко жеткирип берүү көлөмүн кеңейтүү;

- айылдыктардын жумуш менен камсыз болуу деңгээлин жогорулатуу жана жаңы жогорку технологиялуу жумуш орундарын түзүү.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости