www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Мэр: 

Бишкек шаарынын мэрлигине менин талапкерлигимди Министрлер кабинетинин төрагасы сунуштады. Бул тууралуу бүгүн, 26-августта калаа мэри болуп шайланган Айбек Жунушалиев билдирди.

“Мэрдин талапкерлигин сунуштоодо мыйзам өзгөргөн жок. Мисалы, көпчүлүк коалиция же фракция сунуштайт. Менин талапкерлигимди Министрлер кабинетинин төрагасы сунуштады. Ошол эле учурда шаардык кеңештин көпчүлүк коалициясы дагы талапкерлигимди көрсөттү”, -деди ал.

Белгилей кетсек, бүгүн, 26- августта Бишкек шаардык кеңешинин сессиясында борбор калаанын жаңы мэри болуп Айбек Жунушалиев шайланды. калаа башчылыкка сунушталган жалгыз талапкерди жыйынга катышып жаткан 45 депутаттын 43ү колдоду. Экөө каршы добуш берди.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости