www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн борбордук аянт тарапта унааларга чектөө болот

Бүгүн, 26-августта саат 17:00 — 22:00 аралыгында Бишкектеги борбордук аянттагы жана Турдакун Усубалиев атындагы эски аянттагы айрым көчөлөр жабык болот. Бул Эгемендүүлүк күнүнө карата даярдык көрүү иштерине байланыштуу, деп билдирди Милициянын кайгуул кызматынын басма сөз кызматы.

«Борбордук аянтка чектеш көчөлөр: Чүй көчөсүнүн Орозбеков көчөсү менен кесилишкен бөлүгүнөн тартып, Эркиндик бульварына чейинки аралык.

Ал эми Турдакун Усубалиев атындагы аянттын Абдумомунов көчөсү Орозбеков көчөсү менен кесилишкен жеринен тартып, Эркиндик бульварына чейинки аралыгы убактылуу жабык болот.

Ошондой эле эртең Турдакун Усубалиев атындагы аянт (эски аянт) кечке чейин жабык болорун эскертебиз», - деп айтылат билдирүүдө.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости