www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Түркмөнстанда арзаныраак сатылган нан үчүн кезекте тургандардын ортосунда жаңжалдар көбөйүүдө. Бул тууралуу журналист Мырзакат Тыналиев өзүнүн Facebook баракчасына жазып чыкты.

"Президенти Хан өлкөдөгү жакырчылык. Түркмөнстанда азык-түлүк каатчылыгы күчөп, мамлекеттик дүкөндөрдө арзаныраак сатылган нан үчүн кезекте тургандардын ортосунда жаңжалдар көбөйүүдө.

"Азаттыктын" түркмөн кызматынын маалыматына караганда, 24-августта таңкы саат алтыда Ашхабаддагы мамлекеттик дүкөндөргө нан жеткирилип, сатыла баштаган. Бирок кезекте турган адамдар өтө көп болгондуктан, нан көбүнө жетпей калып, тургундар жаңдалдашып кетишкен.

"№8 мамлекеттик дүкөндүн алдында тургундар нан үчүн жаңжалдашты. Кезектин аягында тургандар аларга нан жетпей каларын түшүнүп, таңкы үчтөн бери турушканын айтып, адамдарды түртүп алдыга жыла башташты. Кезекте тургандар эки топ болуп бөлүнүп калышты. Алардын күчтүүрөөгү дүкөндүн ичине кирип, нан сатып алышты, беркилерге жетпей калды", — деди окуяга күбө болгон тургундардын бири. Акыркы бир нече жуманын ичинде нан үчүн кезекте тургандардын ортосунда жаңжалдар көп катталып жаткандыктан, бийлик тартипти сактоо үчүн дүкөндөрдүн алдына көбүрөөк полиция кызматкерлерин жөнөтө баштады. Бирок азырынча бул жыйынтык бере элек.

Түркмөнстандын өкмөтү быйыл 1 миллион 400 миң тонна буудай жыйналып, мамлекеттик план толугу менен аткарылганын билдиргенине карабастан, өлкөдө нан тартыштыгы уланууда. Түркмөнстан төрт жылдан бери жумушсуздук, азык-түлүк тартыштыгы жана баалардын жогорулашы менен коштолгон экиономикалык кыйынчылыктарды башынан кечирүүдө. Мындан улам өлкө калкынын көбү азык-түлүктү кыйла арзан баада сатылган мамлекеттик дүкөндөрдөн алууга аргасыз болуп келишет", - деп белгилеген ал.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости