www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бүгүн, 26-августта Бишкек шаардык кеңеш мэрди шайланды. Анда шаардык кеңештин депутаты Илгиз Сарылдык уулу Айбек Жунушалиевге парламенттик шайлоодо административдик ресурс колдонбоого чакырды.
"Жакында Жогорку Кеңештин шайлоосу өтөт. Шайлоого мэр аралашпай, административдик ресурс колдонбошу керек", - деди ал.
Айбек Жунушалиев бир дагы партияга мүчө эмес экенин белгилеп, административдик ресурс колдонууга жол берилбей турганын айтты.
Ошону менен катар эле депутат шаардагы коомдук транспорттор тууралуу дагы сөз кылды.
--"Биз депуттар мэрди шайладык, жакында анынын аракеттерин баарыбыз көрөбүз. Шаардыктар үчүн жакшы иштепберет деген ишеним бар.
Коомдук транспорттор ыңгайсыздыкты жаратып келет. Германиядагы өнөктөштөр лизинг аркылуу газ менен жүргөн автобус беребиз деп жатышат. Ушул маселени карап көрүү шарт.
Газ менен жүргөн автобустарды Германиядан Бишкек шаарыбыз үчүн, алып келгенге мүмкүнчүлүк бар. Баасы арзан, ар бир автобус 45 миң евродон бааланып жатат. Лизинг шарты менен алып келип бере алам, Кытайдын автобустарын Нариман Тюлеевдин убагында 100 миң евронун тегерегинде алган.
Ал эми мен сунуштап жаткан автобустар Кытайдын калдырагы эмес, немистин Мерседес -Бенс үлгүсүндөгү газ менен жүргөн автобустары. Шаар тургундары үчүн бүт шартты менен ангайлуу жана баасы дагы арзан. Мага Германиядан достор чыгып жатат, автобустарды алып келип бере алабыз. 700 автобус бар дешти. Техникалык тейлөөсүн кыла турган, станциясын дагы салабыз дешти. Эгер мэрия убл жагын колдоно албаса мен жардам бергенге даярмын", - дейт депутат.
Булак: NazarNews.kg