www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Пакистандыктардын келиши боюнча алдын ала жең ичинен сүйлөшүүлөр болгон. Мындай пикирди бүгүн, 26-августта NazarNews маалымат агенттигине Тышкы иштер министринин мурдагы орун басары, дипломат Аскар Бешимов билдирди. 

- Бишкекте, Ошто узун халат кийген Пакистандык жарандар көбөйүп кетти. Сиздин оюңузча эмне себептен көбөйүп кетти?

- Бул мен үчүн деле кызык болуп жатат. Анын сырларын дагы деле билбейбиз. Себеби биз эки жылдан бери пандемия учурунда транзит өлкөгө айланбай акыркы учурдагы болуп жаткан Оооганстандагы окуядан кийин транзиттик өлкөгө айланып кеттик. Менин оюмча бул мамлекеттик кызматкерлердин жеке ою, кызыкчылыгы менен чечилип жаткан нерсе. Бул инвестиция, бизнес десек дагы болот. Көчөдөн көргөнүбүздөй эле алар эч кандай туристтер эмес. Алардын тартибинен, кийген кийимдеринен, арзан жерлерге жайгашканынан деле байкасак болот.

- Бирок алардын арасында байлары деле болуш керек?

- Ооба, байлары деле болушу мүмкүн. Алар жакшынакай мейманкаларда жайгашышкан, көчөдө жүрүшпөйт да. Бирок бул жакта көпчүлүк бөлүгү туристтер эмес. Жалпы жарыя боюнча өзүңүз укканыңыздай 7 жарым миң пакистандык жаран Кыргызстанга келген. Бул кандай инвестиция кандай “отстойник?". Мен бул түшүндүрмөгө канааттанган жокмун. Жалпы маалымат боюнча карасак Өзбекстан, Казакстан, Тажикстан. Бул өлкөлөрдүн бири дагы аларды киргизген жок. Биздин транзиттик өлкө болобуз деп илгертен бери көздөп жүргөн максатыбыз ушул беле? Эмне үчүн Борбор Азиянын ичинен биз киргизишибиз керек? деген жообу жок суроо пайда болот.

- 8-июлда Тышкы иштер министрлгинде Пакистан, Бангладеш, Алжир дагы 8 мамлекет менен виза тартибин жөнөкөйлөштүрүү чечими кабыл алынган. Ошондо алардын келээрин алдын ала билишкенби?

- Жок, алдын ала билген эмес. Менин оюмча бул жерде массалык маалымат каражаттарысыз, жең ичинен алдын ала дипломатиялык сүйлөшүүлөр болгон. Себеби мындай нерселер эч качан алдын ала макулдашуусуз болбойт.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости