www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бишкек мэриясы 3 вице-мэрге жана аппарат жетекчисине 750 миң сомдон Toyota Camry унаасын сатып алууну көздөшүүдө. Мэр кызматтык унаадан баш тартып, өзүнүн Lexus 570 унаасын айдоодо. Бул тууралуу аппарат башчысы Балбак Түлөбаев билдирди.
Анын айтымында, азыркы айдап жүргөн кызматтык унаалары 1990-жылы чыккан үчүн оңдоо иштерин талап кылууда. “Менин кызматтык унаамды баары колдонушат. Ал дайыма бузула берет, эшиги жабылбай да калат. Өзүмдүн “Аюда” иштеп жүргөндө алган Toyota Land Cruise 200 унаам бар. Бирок, элдер түшүнбөйт мэриянын кызматкери кантип ушундай унаа айдасын”,- деп айтты ал.
Жаңы унаалар вице-мэрлер Азизбека Алымкуловго, Уланбека Азыгалиевге, Рыспека Сарпашевге жана Балбака Тулобаевге алынат.
Унаа алуу үчүн жарыяланган тендердин жалпы суммасы 3 миллион сомду түзөт. Акча шаардык бюджеттен бөлүнгөн.
Айта кете турган нерсе, кылган ишинен кыйкым табууга болбогон, шаар эмес мамлекетти гүлдөтүп жаткан Германия баштаган Европа өлөклөрүнүн депутаттары, министрлери деле шайтан араба менен жүрүшөт. Силердей болуп уялбай – этпей эле.
Булак:NazarNews.kg