www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Мэрия шаардыктарды мындан бир нече күн мурда кишиге кол салган ротвейлер тукумундагы иттин ээси туурасында кандай маалымат болсо да бөлүшүүнү суранды. Бул туурасында муниципалитеттин маалымат кызматы билдирди.
Мындан бир нече күн мурда Абдрахманов - Токтогул көчөлөрүнүн кесилишинде иттин окуучу бала менен аялга кол салганы тартылып калган видео тараган. Көчөдө өтүп бара жаткандар баланы иттен араң куткарып калышкан. Милициянын маалыматы боюнча, окуя 1-апрель күнү болжол менен саат 19:00дө болгон. Ээси бул учурда ажыратуу үчүн итин каргынын жиби менен сабап жатканы видеодон көрүнүп турат. Баланын атасы бул боюнча милицияга арыз жазып, иш козголгон.
Кийинчерээк окуучу шаардагы балдар ооруканасына жаткырылганы белгилүү болду. Баланын буттарын ит тиштеп салган, бактыга жараша, азыр абалы канааттандырарлык экенин медиктер айтып беришти.
Бул окуядан улам Бишкектин вице-мэри Айжан Чыныбаева 4-апрелде жыйын өткөрүп, ага Бишкек прокуратурасынын, Свердлов райондук милициясынын өкүлдөрү, Санэпидкөзөмөл борборунун башкы дарыгеринин орун басары менен Ветеринардык коопсуздук боюнча шаардык инспекциянын жетекчисинин орун басары катышкан.
Иттин ээси туурасында маалымат болсо төмөнкү телефон номерлерине билдириш керек:
102 - милиция;
(0500) 43-28-15 - Свердлов райондук милициясынын нөөмөт бөлүмү;
(0312) 37-01-73 - Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча Бишкек шаардык инспекциясы.
Мэрия шаардагы ит кармагандарды эшикке сейилдетип алып чыкканда тумшук кап кийгизип жана кутурмага каршы эмдөөдөн өткөрүү зарылдыгын эскертет.
Булак: NazarNews.kg