www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Мэрия жашы өткөн жарандарды үйдөн чыкпоого чакырды

Коронавируска байланыштуу мэрия Бишкек шаарынын айрым жарандарынан өзгөчө зарылдык жаралмайынча сыртка чыкпай туруусун өтүнөт. Бул тууралуу брифинг учурунда вице-мэр Айжан Чыныбаева билдирди.

«Урматтуу шаардыктар жана шаардын коноктору, коомдук жайларда дагы деле COVID-19 илдетин жуктуруп алуу коркунучу бар. Өзгөчө тобокелдик тобуна кирген (55 жаштан жогоркулар) жарандар зарыл болбосо үйүнөн чыкпай эле койгону туура болот», - деди Чыныбаева.

Санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун бөлүм башчысы Айнагүл Рыскулованын айтымында, Бишкекте эпидемиологиялык абал анча жакшы эмес. Бир сутка ичинде шаарда COVID жуктуруп алган 77 учур катталды. Ушу тапта Бишкек шаары кызыл зонага кирди.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости