www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бишкек шаарынын муниципалдык инспекциясы Шүкүров көчөсүн сызыктан чыгып кеткен капиталдык тосмолор жана жеңил курулуш объектилеринен бошотууну улантууда. Бул тууралуу борбор калаанын мэриясынын басма сөз кызматынан билдиришти.
«Жолду реконструкциялоо иштери аяктап, асфальт төшөлдү. Бирок тротуарларды куруу үчүн муниципалдык аймакка кирип, курулушка тоскоол болгон тосмолорду бузуу зарыл.
Бүгүнкү күндө инспекция тарабынан 61 объект (тосмо, дарбаза, тосмолор, бастырмалар, гараждар) бузулду. 29-сентябрда инспекция тарабынан №166 үйдүн капиталдык тосмосу жарактан чыгарылды», - деп айтылат маалыматта.
10 тосмо калды. Объектилердин ээлери боюнча муниципалдык инспекциясы сотко доо арыз менен кайрылган.
Белгилей кетсек, башкалардын катарында шаардык кызматтар Жогорку Кеңештин депутаты Элмурза Сатыбалдиевдин үйүнүн тосмосун да бузушкан. Эл депутаты кырдаалга токтолду. Ал бузуунун мыйзамдуулугун тааныды.
Булак: NazarNews.kg