www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Коомчулукта 1 миң сом айып пулу же карызы болсо чет жакка чыгарбай, аэропорттон учурбай койгон эрежеге нааразычылыктар көп айтылып жатат.
Анткени, жол эрежесин бузуп, же дагы бир башка себептер менен миң сомдук карызы бар үчүн сыртка чыгууга бөгөт койгон көрүнүш адам укугун бузуп, жарандарга ыңгайсыздык жаратаары чындык. Дегенибиз, миң сом айып үчүн, 50-60 миң сомго алган билети күйүп жарандарыбыз зыян тартканы адилеттикке жатпайт.
Мамлекетти тоноп, миллиондоп, миллиарддап жегендер өлкөдөн каалаган учурда чыгып кетишет, анан эле болбогон миң сом үчүн жөнөкөй жарандар азап тартканы акылга сыйбайт. Негизи бизде мыйзам карапайым адамдарга эле иштейт.
Андыктан, бул жоопкерчиликти күчөтүүгө байланышкан эреже, 50 миң сомдон жогору карызы барларга иштей тургандай кылыш керек.
Өткөндө парламентте дал ушул маселеге байланыштуу эл өкүлү Жусупбек Коргонбай уулу жакшы маселе көтөргөн.
Депутат миң сом карызы үчүн жаранды чек арадан өткөрбөй койгон туура эмес экенин белгилеп: "Элдин баары канча айып пулу бар экенин биле бербейт. Кээде жол эрежесин бузганы үчүн дагы айып жазылат. Жаран 50 миң сомдон ашык суммага билет алса, анан миң сом үчүн түн жарымында аны чек арачылар учурбай койсо, же төлөгөнгө терминалыңар болбосо, төлөсө шак ошол жерден алып сала албасаңар, бул кыйноо болуп жатат", — деп айтканында чындык бар.
Булак: NazarNews.kg