www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Адистер Түркиянын түштүк-чыгышында болгон жер титирөөнүн кесепеттерин жоюуга киришти, деп билдирди президент Режеп Тайып Эрдоган.
«Издөө-куткаруу топтору тез арада жер титирөөдөн жабыркаган аймактарга жөнөтүлдү. Ички иштер жана Саламаттыкты сактоо министрликтери, Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жана башка ведомстволор ыкчам түрдө ишке киришти», — деп жазды өкмөт башчы социалдык тармактарга.
Мамлекет башчысы жер титирөөдөн жабыркаган жарандардын тезирээк сакайып кетишин каалады.
Эске салсак, күчү 7,4 баллга жеткен жер титирөө эртең менен болуп, анын очогу Кахраманмараш провинциясында болгон. Натыйжада облустун борборунда жана башка бир катар шаарларда жүздөгөн имараттар талкаланган.
Акыркы маалыматтарга караганда табигый кырсыктан каза болгондордун саны 76га жакындады.
Учурда издөө-куткаруу иштери уланууда. Андыктан табигый кырсыктан курмандыктарынын саны өсүшү мүмкүн.
Булак: NazarNews.kg