www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Батыш өлкөлөрү 3-сентябрда боло турган Михаил Горбачевду акыркы сапарга узатуу зыйнатына өз өкмөттөрүнүн өкүлдөрүн жиберишпейт. Аларга элчилер жана башка дипломаттар катышат.

DW билдиргендей, СССРдин мурдагы президентин акыркы сапарга узатуу аземинде бир дагы европалык лидер болбойт. Жума күнү АКШнын Мамлекеттик департаменти Горбачев менен коштошууда Кошмо Штаттарды Москвадагы элчи Жон Салливан көрсөтө турганын билдирди.

Белгилей кетсек, Орусия 2022-жылдын февраль айында Украинага басып киргенден кийин Батыш өлкөлөрү менен Орусиянын ортосундагы аба каттамдары токтотулуп, тараптар көптөгөн жогорку даражалуу саясатчыларга жеке санкцияларды киргизген. Орусия Батыш лидерлерин акыркы сапарга узатуу зыйнатына катышууга расмий чакыруу жөнөткөн жок. Коштошууга катышпоо чечимине чакыруунун жоктугу себеп болду, мисалы, Германиянын канцлери Олаф Шольц.

Орусиянын президенти Владимир Путин да коштошууга келбейт - анын басма сөз катчысы Дмитрий Песков график буга жол бербей турганын айтты.

Буга чейин, Владимир Путин СССРдин жалгыз президенти Михаил Горбачевдун табытына гүл койгон.

Коштошуу Колонналар залында өтүп, андан соң Михаил Горбачевдун сөөгү Новодевичье көрүстөнүнө коюлат.

Эске салсак, Михаил Горбачёв 30-августта 91 жашында узакка созулган оорудан улам көз жумду. Анын каза болгонуна байланыштуу дүйнөнүн бир катар лидерлери көрөгөчтүгүн белгилеп билдирүү кылышты.

Горбачёв 1931-жылы 2-мартта Ставрополь крайынын Привольное айылында жарык дүйнөгө келген. 1955-жылы Михаил Ломоносов атындагы Москва мамлекеттик университетинин юридика факультетин аяктаган, ал эми 1967-жылы Ставрополь айыл чарба институтун бүтүргөн. Университетти аяктаган соң Ставрополь аймактык прокуратурасына бөлүштүрүлүп, андан кийин партиялык иштер менен алек болгон.

1985-жылы ССКП БКнын кезексиз жыйынында Горбачёв генералдык катчы болуп шайланат, ал эми 1988-жылдын 1-октябрынан тарта СССРдин Жогорку Советинин Президиум төрагасы кызматын кошо аркалап, өлкөнүн да, партиянын да башкы жетекчилигин колуна алган. Ошол мезгилде Горбачёв реформалардын программасын жарыялап, кийин ал кайра куруу деген аталышка ээ болот.

1990-жылы СССРдин эл депутаттарынын кезексиз III жыйынында Горбачёв Советтер Союзунун биринчи жана акыркы президенти болуп шайланып, андан соң СССРдин курамындагы 15 республика өз алдынча, көз карандысыз мамлекет болгон.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости