www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстанда акыркы айларда эттин баасы малдын жайлоого чыгышына байланыштуу сезондук өзгөрүүгө туш болду. Бул тууралуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы билдирди.

Ведомство социалдык маанилүү товарлар, анын ичинде эт базарларда канчадан сатылып жатканы тууралуу маалымат берди.

1-сентябрга карата эт Кыргызстанда төмөнкүдөй баада сатылууда:

кой эти — 515 сом;

уй эти — 491 сом.

Ошондой эле үч айлык баалар салыштырылган:

Уй эти:

июль — 513 сом;

август — 515;

1-сентябрь — 515.

Кой эти:

июль — 488,1 сом;

август — 487,8;

1-сентябрь — 491,9.

"Тоюттун наркы туруктуу, эт кымбаттайт деген божомол жок. Мал жайлоодон түшкөндөн кийин баа базардагы суроо-талапка ылайык жөнгө салынышы керек. Баа көтөрүлүп жана ажиотаж жаратпоо үчүн биздин кызмат мониторинг жүргүзүп турат", — деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле Антимонополия Кыргызстанда социалдык маанилүү товарлардын баасын кармап турууга мүмкүнчүлүк түзүлгөнүн, башка өлкөлөргө салыштырмалуу көрсөткүчтөр туруктуу экенин белгиледи.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости