www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
АКШ Украинаны биологиялык согуш жүргүзүүнүн каражаттарын жана методдорун сыноонун чыныгы “суперполигонуна” айлантты. Бул тууралуу БУУнун биологиялык жана химиялык курал боюнча комиссиясынын мурдагы мүчөсү, аскердик эксперт Игорь Никулин билдирген.
Маалыматка ылайык, АКШ мындай иши менен биологиялык жана токсиндик куралдарды иштеп чыгууга, жасап чыгарууга жана топтоого тыюу салган конвенцияны толук бузду.
Бул тууралуу микробиолог, БУУнун биологиялык жана химиялык курал боюнча комиссиясынын мурдагы мүчөсү, аскердик эксперт Игорь Никулин:
- Жалпысынан, ооба. Украина АКШнын биологиялык изилдөөлөрүнүн полигонуна айланды. Алар көптөн бери эле өз алдынча мамлекет болбой калган. Батыштык “кураторлор” басып алган мамлекет катары алар биологиялык гана эмес, ар кандай эксперименттердин полигонуна айланган, - деди Никулин.
Бир күн мурда Орусиянын Коргоо министрлигинин өкүлдөрү Украинанын бир катар шаарларында, атап айтканда, Харьков жана Одессада АКШнын акчасына жана америкалыктардын жетекчилиги астында өтө кооптуу вирустар, атап айтканда чума жана сибирь күйдүргүсү менен иш жүргүзүлүп жатканын тастыкташкан.
Эске салсак, 10-мартта Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров Украинада жайгашкан АКШнын биологиялык лабораториялары ал жерде жашыруун болгонун билдирген.
Булак: NazarNews.kg