www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Сокулук райондук Ички иштер башкармалыгы жарандарга кайрылып, 2004-жылы туулган Тыныбекова Рахат Кубатбековнаны издөөгө көмөктөшүүнү өтүнөт. Бул тууралуу Чүй облустук ИИББдин басма сөз кызматы билдирди.
Милициянын маалыматы боюнча, 2020-жылы 2-ноябрда ИИБге эмгек жана социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын райондук бөлүмүнүн кызматкерлери Рахат Тыныбекованы издөөгө көмөк көрсөтүү өтүнүчү менен кайрылышкан. Ал Гавриловка айылында ата-энесинин үйүндө убактылуу жашап жаткан, 2020-жылы 14-октябрда үйүнөн чыгып кеткен бойдон кайтып келген эмес.
Аталган факт КЖБР катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган.
Милиция кызматкерлери кыздын жүргөн жерин аныктоо, издөө ишин дароо колго алган. Кабыл алынган ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө Тыныбекова – Ош облусунун Өзгөн районунун тургуну экени, ал апасы каза болгонуна байланыштуу чоң ата-чоң энесинин колунда чоңойгону, буга чейин дагы бир канча жолу үйдөн качып кетип жүргөнү жана Өзгөн райондук үй-бүлөнү жана балдарды колдоо бөлүмүндө каттоодо турган.
Андан ары иш-чаралардын жүрүшүндө дайынсыз болуп жаткан Р. Тыныбекова өткөн жылдын декабрь айында туугандарына байланышка чыгып, анда ал аны тынч коюуну өтүнгөн.
«Ушуга байланыштуу Сокулук райондук ИИБ Тыныбекова Рахат жөнүндө кандайдыр бир маалыматы бар жарандарга төмөнкү номерлер аркылуу Ички иштер органдарына билдирип коюну өтүнөт: Сокулук РИИБинин нөөмөт бөлүмү 0312 60 75 67, 03134 5-33-57, издөө тобу – 0558 86 14 86, 0709 35 35 29», - деп айтылат билдирүүдө.
Булак: NazarNews.kg