www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Тажик жарандары тарабынан барымтага алынган Лейлек районунун Интернационал айылынын башчысы Мырзабек Жумабаев Тажикстандын аймагында экендиги аныкталды жана ал барымтадан бошотула элек. Бул тууралуу маалыматты Баткен облустук милициясынын маалымат катчысы Дамира Юсупова тастыктады.
Анын айтымында, учурда Ички иштер министрлиги Тажикстандын күч структуралары менен Мырзабек Жумабаевди барымтадан бошотуу боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатат.
Эске сала кетсек, 29-апрель күнү Интернационал айылындагы кыргыз жарандарына тиешелүү болгон "Жилой дом" участкасындагы кыргызстандыктардын турак жайларын тажик аскерлери ээлеп алган. Ошол участкага жакын аймакта эки кыргызстандык каза болгондугун тактоо максатында Интернационал айылынын башчысы Мырзабек Жумабаев барган учурда тажик жарандары аны барымтага алган.
Бул факты боюнча Лейлек райондук милициясы КР Жазык кодексинин 380-беренесине ("Тынчтыкка каршы кылмыштар") ылайык сотко чейинки өндүрүштү баштап, Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине каттады.
Баткендеги кыргыз-тажик жаңжалы
Баткенде 28-апрель күнү кечинде чыккан чыр түнү менен күчөп отуруп, эртеси да уланган. Эки тарап бири-бирин көздөй ок атып, алгач бир, анан экөө, акыркы маалымат боюнча, 33 кыргызстандык каза болду. Алардын арасында 12 жашар кыз бар.
Булак: NazarNews.kg